Келе жаткан жылда патент жоюлуп, 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотулат

Жаңы жылда патент алуу системасы жоюлат.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айымына караганда, Министрлер кабинети соода жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки ишкерлерди киреше салыгынан бошотууну пландоодо. Бул ишке ашса алар патент албай калышат.

Арзыбек Кожошев бул чечимдин алкагында чакан бизнестеги 90 миң ишкер киреше салыгынан бошотуларын кошумчалап өттү. Ал эми жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашкандар Салык кодексинин негизинде иш жүргүзүшү керек болот.

“Министрлер кабинетинин негизги максаты – соода алакасын контролдук-кассалык машиналарга (ККМ) өткөрүү, салык маданиятын киргизүү болуп саналат. Мында азыркыга салыштырмалуу бюджеттик жоготуулар жылына үч миллиардды түзөт. Бирок муну менен биз көмүскө экономикада жүргөндөрдүн баарын ачыкка чыгарабыз”, – деди ал.

Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымына караганда, мындай норма мөөнөтсүз негизде колдонулат.

Комментарий жиберүү