Парламентке кайсы партиялар өттү?

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуштарын кол санак менен эсептөөнүн 100 пайыздык жыйынтыгын серверге киргизип бүттү.

Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн порталынан шайлоодо талапкер көрсөткөн 21 партиянын алтоо 5 пайыздык босогодон өткөнүн көрүүгө болот.

1. «Ата Журт Кыргызстан» — 17,30% (223 миң 892 добуш);

2. «Ишеним» — 13,63% (176 миң 382 добуш);

3. «Ынтымак» — 10,99% (142 миң 267 добуш);

4. «Альянс» — 8,34% (107 миң 859 добуш);

5. «Бүтүн Кыргызстан» — 7,04% (91 миң 111 добуш);

6. «Ыйман Нуру» — 6,15% (79 миң 557 добуш).

Белгилей кетсек, 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүп, жыйынтыктары санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы иштебей калган. Кайра ишке киргизилгенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. Бул айрым партияларда күмөн жаратып, нааразычылыктар болуп, добуштардын жыйынтыгы кол менен саналып башталган.

Комментарий жиберүү