Бишкек Ферганадагы шаарлардын абасы менен салыштырылды (видео)

Акыркы жылдары Бишкек ааламдагы абасы эң кир шаарлардын эң алдыңкы сабына чыгып келет.

Дүйнөлүк рейтингде быйыл дагы алдыңкы сапта турат. Адистер муну көмүрдүн көп жагылышы, шаар географиялык чөөлмөк аймакта жайгашканы жана автоунаанын көбөйгөнү сыяктуу бир канча себептер менен түшүндүрүп келишет. А биз Бишкекти дүйнөдөгү мегаполисттер эмес, Фергана өрөөнүндөгү шаарлар менен салыштырып көрдүк.

Кыргызстандын Бишкек шаары абасы кир болгон дүйнөдөгү эң алдыңкы шаарлардын бири. Абанын тазалыгын аныктап турган World Air Quality уюмунун 7-декабрдагы маалыматы боюнча, Бишкек дүйнөдөгү эң алдыңкы орунга чыкты, 1-орунду алды. Башкача айтканда, AQI көрсөткүчү 184 деп, ааламдагы абасы кир шаар болуп калды. Бул биринчи жолу эле эмес. Көп жолу алдыңкы орундарды алганбыз.

Эмне үчүн Бишкекте аба кир? Ага эмне себеп? Мунун жоопторун бизге айтышкан. Ал ЖЭБден чыккан түтүн менен жер үйлөрдөгү көмүрдүн көп жагылышы, автоунаалардын көбөйгөнү жана шаар гоеграфиялык ландшафттагы чөөлмөк жерде жайгашканы сыяктуу бир канча жүйөлөр менен түшүндүрүп келишкен. Демек, Бишкек дүйнө жүзүндөгү абасы кир шаарлардын эң алдыңкы сабында болгонун да көрдүк. Ага эмне себеп экенин дагы билебиз.

Журналист Асанбек Каракозуев Бишкекти ааламдагы мегаполистер менен эмес, Фергана өрөөнүндөгү чакан шаарлар менен эле салыштырып көрдү. Бул салыштырууга Өзбекстандын Ташкент, Анжиян, Фергана, Тажикстандагы Дүйшөмбүсү менен Кожент, Казакстандагы Алмата, Чымкент жана Тараз шаарларын алган. Салыштырууну видеодон көрүңүз:

Комментарий жиберүү