Кыргызстан Түркиядан «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды

КР УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусуна «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттар келип түштү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты.

Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү.

Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды   жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.

Комментарий жиберүү