Аскар Акаедин Кыргызстанга эмнеге келгени айтылды

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанга Кумтөр иши боюнча дагы бир ирет сурак берүү үчүн келди.

Бул туурасында анын жакындары билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Буга чейин, Акаев кечээ, 14-декабрь таңга маал Москва — Бишкек каттамы боюнча уулу Илим Акаев менен бирге учуп келгени маалымдалган. 

Маалыматка караганда, Акаевдин жакындары анын сапары Кыргызстандын укук коргоо органдары менен макулдашылганын, ал Кумтөр кенинин айланасындагы кылмыш иши боюнча УКМКга эки күн сурак берип, кайра кетерин билдиришкен. 

Эскертке кетсек, ушул жылдын август айында Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, УКМКга Кумтөр боюнча сурак берип кеткен.

Комментарий жиберүү