Эксперттер: Электромобилге өтүү – экономикалыкда, экологиялыкда муктаждык

«Жашыл экономика» түшүнүгү Кыргызстанда да кеңири таркап, маанилүү тармакка айланууда.

Абанын булгануусунун алдын алууда электр транспорту өзгөчө орунду ээлейт. Кыргызстанга электромобилдерди алып келүүнүн мааниси жана зарылчылыгы тууралуу кененирээк төмөндө.

«Кыргызстан — жашыл экономика өлкөсү» концепциясын ишке ашырууга эл аралык уюмдар көмөктөшүүдө. Азыркы тапта Бишкекке электробустарды алып келүү, аларды кубаттоочу түзүмдөрдү орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 млн. 650 миң доллар каржылык жардам көрсөтүүнү чечкен. Анын 25 миллион доллары насыя, 25 миллион доллары грант катары берилип, 32 жылда төлөп кутулуу керек. Бул чара борбордун абасын тазалап, жол тыгындарын азайтары айтылып келет.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын башчысы Талант Капаров электробустарды алып келүү үчүн ноябрь айында тендер жарыяланганын маалымдады. Аларды дизель менен жүргөн автобустардын жана эскилиги жеткен троллейбустардын ордуна линияга чыгаруу мерчемделген.

«Электробустарды алып келүү боюнча 15-ноябрда тендер жарыяланган. 14-январда арыздар ачылып, жеңген компания менен келишим түзүлгөндөн кийин электробустардын келиши белгилүү болот. Биздин оюбузча, 2022-жыдын үчүнчү кварталында келип калышы мүмкүн».

Президент Садыр Жапаров ноябрда Глазгодо климаттын өзгөрүүсү боюнча өткөн саммитте Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасын тандай турганын билдирип, керектүү тармактар электр энергиясы менен камсыздаларын жарыялаган.

Кыргызстандыктардын электромобилдерге өтүүсүн ылдамдатуу максатында өкмөт жеңилдетилген шарттарды түзүп жатат. Бул тууралуу экономика жана финансы министринин орун басары Жарасул Абдураимов кабарлады.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 1 млн. 200 миңге жакын жеңил автоунаа катталган. Чоң автоунаалардын саны да көп. Экологиялык маселени козгобогондо деле, өлкө жарандарынын электромобилдерге батыраак өткөнү экономикалык жактан мамлекетке пайда.

«Нефть, газ чыгып жатпагандан кийин электромобилдер биздин өлкө үчүн гана жаралгандай сезилет. Электромобилдерге канчалык тез өтсөк, биздин экологияга эле эмес, экономикабызга да ошончолук пайда. Электромобилдердин өлкөгө киришин жеңилдетүү максатында буга чейин аларды бажы алымдарынан бошотуу каралган. Бирок быйыл декабрь айында мөөнөтү бүтүп жатат. Биз Евробиримдикте, Бажы союзунда бул маселени кайра көтөрүп, жок дегенде дагы 3 жылга узартуу керек деген программаны киргизип жатабыз. Ал эми бул жакка алып келүү, жайылтуу үчүн 8-10 жылга лизингге алууну караган программа түзүп жатабыз». 

Учурда Кыргызстанда 400гө жакын электромобиль бар. «Аман электроникс» компаниясы Кыргызстанда электромобилдердин санын көбөйтүү максатында машиналарды лизингге 3 жылга берүүнү пландаштырууда. Электромобилдин баасы ушу тапта 12 миң доллардан башталат.

Компаниянын директору Аскат Исаевдин айтымында, электромобилге өтүү — муктаждык. Электромобилге биз канчалык тез, ылдам өтсөк, ошончолук пайда.

«Электромобилге өтүү — муктаждык. Анткени, көмүрдөн келген энергия – чектелген энергия.  Көмүрдү күйгүзөбүз, ал асманга чыгып, кайра жерге түшөт, жерден кайра топтолот. Табият өзү толукталып, калыбына келе турган кубулуш. Биздин керектөөбүз топтолгонго убакыт жетпей кала турган мезгил келе жатат. Машина өндүрүүчүлөр 2030-жылга баары ДВСтен электрокыймылдаткычка өтөт. Биз ошого канчалык тез, канча жакшы көңүл бурсак, ошончо пайда алабыз».

Экономика илимдеринин кандидаты Искендер Шаршеев күйүүчү майга болгон көз карандылыктан чыгуу үчүн да электр тарнспортуна өтүү зарыл экенин, Кыргызстанда муну ишке ашырууга электр энергиянын толук мүмкүнчүлүгү бар экенин айтат.

«Кымбаттоолор, кыйынчылыктар улана берет. Технологиялык өзгөрүүлөрдү жасап ийсек, мисалы, электр транспортуна өтсөк, анда бул күйүүчү майлардан оор техникалар эле көз каранды болбосо, жеңил техника, эл өзү жеңилдейт эле. Анткени өлкөбүздө электр энергияны өзүбүз жаратабыз, өзүбүз чыгарабыз. Андан сырткары электр энергиянын толук мүмкүнчүлүгүн колдоно элекпиз».

Кыргызстанга алып келинип жаткан унаалардын 90%ы эски, көпчүлүгүнүн катализатору жок. Алардан чыккан түтүндүн айынан ар түрдүү оорулар күч алып жатканын адистер белгилешет.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-январына чейин электромобилдерди өлкөгө бажы алымы, кошумча нарк салыгы жок киргизсе болот.

https://maralfm.kg/archives/547768

Комментарий жиберүү