АКШ Ооганстандан чыгарылган аскерлерин Борбор Азия өлкөлөрүнө, атап айтканда Өзбекстан жана Тажикстанга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу ишемби күнү The Wall Street Journal булактарга шилтеме берүү менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, Ооганстандан өз аскерлерин чыгарып кете баштаган Америка жетекчилиги ооганстан өкмөтүнө колдоо көрсөтүү, радикал Талибан кыймылынын ишин көзөмөлдөө жана башка экстремисттерди көзөмөлдөө үчүн аскерлерин башка өлкөлөргө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Географиялык көз караштан алганда Ооганстан менен чектешкен Өзбекстан жана Тажикстан эң ылайыктуу вариант деп каралууда. “Бирок…
Прочитайте большеСаясат
Зеличенко: Бул чыныгы атайылап жасалган аскердик агрессия болду
“Борбор-Азиялык баңги саясаты борбору” коомдук фондунун директору Александр Зеличенко “Баткен-2021: ким күнөөлүү жана эмне кылуу керек?” атту тегерек столдун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар чыныгы ойлонулуп жасалган аскердик агрессия болгонун билдирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги жазды. Апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя ар кайсы деңгээлде дагы көпкө чейин талкууланат. Азыр башкы милдет – чындыкты табуу жана мындай окуя алдыда дагы кайталанбашы үчүн бул маселени биротоло жабуу. Чечүү жолдорун ар кайсы деңгээлде, анын ичинде эксперттик…
Прочитайте большеМарс Сариев: Москва иш жүзүндө Рахмонду суракка чакырып жатат
Саясат таануучу Марс Сариев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 9-майды майрамдоого Москвага барары боюнча өз пикирин билдирди. “Менин көз карашымда, Рахмондун 9-майды майрамдоого баратканы – иш жүзүнө келгенде, Казанда ЕАЭБдин кеңешмеси, Дүйшөмбүдө ЖККУнун кеңешмеси (ЖККУга Тажикстан төрагалык кылууда) өтүп жаткан кезде Тажикстандын президентинин демаршы, чагылгандай тез согуш жасоого кылган аракети үчүн аны суракка чакырып жатат. Тажикстандын согуштук демаршынын айынан Москванын репутациясы чоң жоготууларга дуушар болгонун алар түшүнүп турат. Иш жүзүнө келгенде бул деген суракка чакырып жатканын…
Прочитайте большеБУУ: Биз Палестинанын 1967-жылдагы чек аралык өзгөрүүлөрүн тааныбайбыз
Бирикке Улуттар Уюму Эл аралык Кудс күнүнө карата билдирүү жасады. Белгилей кетсек, БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, уюм 1967-жылдагы чек аралардагы, анын ичинде Кудс менен байланышкан өзгөрүүлөрдү эч качан тааныбайт – деп билдирди. Ал, “Al-Arabi Al-Jadeed” каналына берген маегинде ондогон палестиналык үй-бүлөлөрдүн “Шейх Жаррах” аймагынан басып алынган Кудска көчүрүлүшү жана Израиль соттору тарабынан өкүм чыгарылышы, ошондой эле палестиналыктардын үйлөрүнүн басып алынышы жөнүндө суроолорго жооп берди. “Бириккен Улуттар Уюму эл аралык мыйзамдарга ылайык, ар кандай…
Прочитайте большеСадыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга кол койду. Ошондой эле мамлекет башчысы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Белгилей кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде жаңы Конституция боюнча референдумга добуш берүү өтүп, анда шайлоочулардын 79%дан ашыгы “макул” добушун берген.
Прочитайте большеПутин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашат
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москвада жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты талкуулашат. Бул тууралуу РИА Новостиге Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Тажикстандын президенти ошондой эле Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына катышып, андан соң Душанбеге жөнөп кетет. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жергиликтүү тургундарынын ортосундагы жаңжал 28-апрелде башталып, 29-апрелде куралдуу кагылышууга чейин жеткен. Чек арадагы кагылышууда кыргыз тараптан 36 киши каза болуп, 190го жакын адам жаракат алды.
Прочитайте большеТокаев Тажикстанга эмнеге барат?
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 19-20-майда Душанбеге барат. Бул тууралуу Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан билдирди. “19-20-май күндөрү Касым-Жомарт Токаев президент Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстан Республикасына расмий иш сапары менен барат. Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда саясий диалогду, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары бекемдөөгө, казак-тажик тараптын стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө артыкчылык берилет”, – деп жазды Уали. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр учурунда аймактык кооперацияны…
Прочитайте большеБУУнун башкы катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча эмне деди?
БУУнун башчысы Антониу Гутерреш Кыргызстан менен Тажикстанды өлкөлөр ортосундагы элдешүүнүн шарттарын сактоого чакырды. “Башкы катчы эки өлкөнүн лидеринин байланышын жана 1-майда жетишилген ок атууну токтотуу боюнча келишимди кубаттайт. Ал эки тарапты тең жетишилген келишимди сактоо үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырат”, — деп билдирди Башкы катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик. Ал “баш катчы ошондой эле БУУ зарыл болгон учурда жардам берүүгө даяр экенин билдиргенин белгиледи. Буга чейин Гутерреш Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга…
Прочитайте большеЭрдоган С. Жапаровду, Рахмон К.Токаевди чакырды
Кыргызстандын президенти Түркияга, Казакстандын президенти Тажикстанга барат. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев май айынын экинчи жарымында Тажикстанга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу эки өлкөнүн басылмалары жазышууда. Маалыматка ылайык, иш сапар Эмомали Рахмондун чакыруусу менен белгиленген. Жолугушууда Борбор Азия аймагындагы кырдаал боюнча пикир алмашуу орун алат. Буга чейин Түркиянын башчысы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий иш сапар менен Түркияга май айында келип кетүүгө чакырганы айтылган.
Прочитайте большеЕвропа Биримдиги Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр
Европа Биримдиги учурдагы аймактык жана эки тараптуу программаларынын алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө сүйлөшүү жүргүзгөн учурда белгилүү болду. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, министр Казакбаев кыргыз-тажик чек арасында ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашуу жетишилгенин жана Кыргызстан кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга ниетте экендигин билдирди….
Прочитайте большеПутин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылууга даяр
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды чечүүдө ортомчулук кылууга даяр. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. “Биздин ЖККУ сыяктуу жана башка түрдүү форматтардагы жалпылыгыбызды эске алуу менен албетте, президент Путин мүчө-өлкөлөрдүн ортосунда келип чыккан олуттуу көйгөйлөрдү чечүүдө ортомчулук ролду ойноого ар дайым даяр. Ал бул жөнүндө дайыма айтып келет”, – деди Песков Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалында Орусиянын мамлекет башчысынын ортомчулук кылуусу мүмкүнбү деген суроого…
Прочитайте большеТажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар күч алды (видео)
Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталды. «Ислох» сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, ачуу сөзүн айта баштады. Бул тууралуу “Полит Клиника” сайты жарыялады. Тажикстандын баардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз»,- деген видео тартып, бири-бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох» сайты жазган. Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган-уругу, бала-чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин…
Прочитайте большеСауд Аравия Түркия менен касташууга жана Иран менен жарашууга кадам таштады
Айрым маалымат булактары билдиргендей, акыркы убактарда Сауд Аравия Иранга болгон саясатын өзгөртүүдө. Тагыраак айтканда, 5 жылдай үзүлгөн дипломатиялык мамилелерин жандандырууну кааларын Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Бен Салман билдирди. Ошол эле убакта өлкөдө Түркияга карата бойкот жарыялануу менен түрктөрдүн бир канча мектептери жабылууда.Эр-Рияд менен Анкаранын ортосундагы чыңалуудан улам, Сауд Аравиянын стратегиялуу шаарларындагы 8 түрк мектеби жылдын аягына чейин толук жабылаары аныкталды. Эки өлкөнүн акыркы эки жылдагы дипломатиялык мамилелеринин бузулуусу эмне себептен болууда? Албетте, тарыхта түрктөр менен арабдар дос…
Прочитайте большеЭрдоган АКШнын армян геноциди боюнча чечимине капаланып, индеецтерди эске салды
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөсү АКШ президенти Жо Байдендин Осмон империясындагы армян геноцидин тааныган чечимине катуу капаланганын айтып, америкалыктарга алардын индеецтер менен болгон мамилесин эске салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. Буга чейин 24-апрелде АКШнын президенти Жо Байден XX кылымдын башында Осмон империясынын тушунда болгон армян кыргынын “геноцид” катары тааныган. Түркия АКШнын чечимин “толугу менен четке кагып”, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу “ал популизмге негизделгенин” билдирди. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өз кезегинде Ак үйдүн чечимин кубаттап чыкты. “Байден бир кылым…
Прочитайте большеПрезидент С. Жапаров БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясында сөз сүйлөйт
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде, Бангкокто (Тайланд) видеоконференция форматында өтө турган Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын 77-сессиясынын ачылышына катышат. Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, аталган Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү жана коронавирус пандемиясы учурунда региондо экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жөнүндө көз карашын билдирет. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясына…
Прочитайте больше