Путин КМШ өлкөлөрүн Ооганстандагы согушкерлерге сокку берүүгө даяр турууга чакырды

КМШ өлкөлөрү Ооганстандын чек арасындагы террорчуларга каршы турууга даяр болушу керек, деп билдирди Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери менен болгон жолугушууда.

Путиндин бул иш-чарадагы сөзүнүн стенограммасы Кремлдин сайтына жарыяланды.

Президент Ооганстанда учурда абал жөнөкөй эмес экенин айтып, “Америкалык аскерлер Ооганстандан биротоло чыгарылгандан кийин, бийлик талиптердин колуна өттү, алар өз тартиптерин жана эрежелерин орнотуп жатышат”, – деп билдирди.

Ошол эле учурда ал Ооганстанда “ИМ” террордук уюмунун курамындагы бир катар эл аралык террордук топтордун ишмердүүлүгү уланып жатканын эске салды.

“Ирактан, Сириядан, согуштук операцияларда тажрыйбасы бар согушкерлер Ооганстанга активдүү түрдө чогулуп жатышат. Ошондуктан, террорчулар коңшу мамлекеттердеги, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндөгү кырдаалды түз экспансиянын башталышына чейин туруксуздаштырууга аракет кылышы мүмкүн”, – деп эскертти орус лидери.

Буга байланыштуу Путин КМШ өлкөлөрү Ооганстандагы чек арадагы абалга дайыма көзөмөлдөп байкоо жүргүзүп туруу жана согушкерлерге каршы турууга даяр болуу маанилүү деп эсептейт.

Путиндин айтымында, бул үчүн шериктештиктин мүчөлөрү күч структураларынын ишин координациялап, зарыл болсо биргелешкен атайын операцияларды жүргүзүшү керек.

Комментарий жиберүү