Рахмон дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандардын катарына кирди

Дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 500 мусулмандын жаңы рейтинги жарыяланды.

Тизмеге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да кирди.

Аммандагы (Иордания) Мусулман стратегиялык изилдөөлөрүнүн падышалык борбору кайрадан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 500 мусулмандын катарына киргизди.

Ошондой эле рейтингге Тажикстандын аалымдар кеңешинин башчысы Сайидмукаррам Абдулкодирзода жана дүйнө исмаилиттеринин руханий лидери Шох Карим Аль-Хусайни дагы кирди.

Эске салсак, тажик президенти Эмомали Рахмон 500 таасирдүү мусулмандардын тизмесине биринчи жолу 2012-жылы, ал эми Саидмукаррам Абдулкодирзода 2015-жылы кирген.

Бул жылы тизменин сап башында Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани турат. Андан кийин Сауд Аравиянын падышасы Салман бин Абдулазиз жана Ирандын жогорку лидери аятолла Сайид Али Хаменеи турат.

Лидерлердин бештигине Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Иорданиянын падышасы Абдалла II ибн Хусейн аль-Хашими жана көрүнүктүү ислам аалымы шейх Мухаммад Таки Усмани кирди.

Мындан тышкары, эң таасирдүү делген 50 мусулмандын тизмесинин катарына Марокконун падышасы Мохаммед VI, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман, англиялык “Ливерпуль” клубунун египеттик футболчусу Мохамед Салах, ошондой эле “Талибан” кыймылынын лидери Хайбатулло Ахундзада кирди.

Тизмеге ошондой эле Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров жана Өзбекстандын муфтийи Усмон Алимов да кирген.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү эң таасирдүү 500 мусулмандын тизмеси 2009-жылдан бери жыл сайын чыгарылып келет.

Комментарий жиберүү