Тажикстанда ЖККУнун аскердик машыгуулары башталды

Тажик-ооган чек арасында Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) “Өз ара аракеттенүү”, “Издөө” жана “Эшелон” деп аталган аскердик машыгуулары башталды.

Бул тууралуу машыгуунун басма сөз борборунан билдиришкенин Спутник-Тажикстан сайты жазды.

Машыгууга төрт миң аскер, 500дөн ашык техника тартылган. Алардын арасында “Жолборс” деп аталган ок өтпөс автоунаалар, Су-25 чабуулчу учактар жана башка заманбап аскер техникалары бар.

Машыгууга ылайык, Момирак жана Харб-Майдон полигондорунда аскерлер террористтердин басып кирүүсү жана согуштардын локалдашуусу боюнча аракеттерди жасашат.

Аскер кызматкерлери Сирия жана Тоолуу Карабактагы жаңжалдар учурунда топтолгон тажрыйбаны колдонушат.

ЖККУнун биргелешкен штабынын башчысы Анатолий Сидоровдун айтымында, машыгуулардын максаты – тажик-ооган чек арасындагы окуялардын өнүгүшүнүн эң начар сценарийин алдын алуу болуп саналат.

Аскердик машыгуулар 18-октябрдан 23-октябрга чейин уланат. Анда Орусия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан жана ЖККУга мүчө башка өлкөлөрдүн аскерлери өз чеберчиликтерин машыктырышат.

Белгилей кетсек, бул аскердик машыгуу Ооганстандагы коогалаңдуу кырдаалдын фонунда Тажикстанда өтүп жаткан биринчи машыгуу эмес. Августтун башында Харб-Майдон полигонунда бир канча мамлекеттердин аскерлери биргелешкен окууларды өткөрүшкөн.

Комментарий жиберүү