Орусия «Талибанды» террордук уюмдардын тизмесинен чыгарышы мүмкүн. Талиптер эмне деди?

Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүсүн кубаттайт.

Бул тууралуу Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Кахар Балхи билдирди.

21-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин “Валдай” форумунда сүйлөп жатып,  “Талибан” кыймылы террордук уюмдардын тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин айткан. Анда Путин мындай чечим БУУнун деңгээлинде кабыл алынышы керек экенин билдирген.

“Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Талибан” лидерлеринин ысымдарын кара тизмеден чыгаруу боюнча билдирүүлөрүн кубаттайт. Согуш аяктагандан кийин дүйнө өлкөлөрү да Ооганстанга болгон мамилесинде оң өзгөрүүлөрдү жасашы керек”, – деп жазды Абдул Кахар Балхи өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

Анын айтымында, “Талибан” эл аралык коомчулук менен өз ара принципке негизделген позитивдүү мамилелерди күтөт.

Комментарий жиберүү