«Талибан» Тажикстан менен мамилени оңдоого аракет кылып жатканын билдирди

“Талибандын” жетекчилиги Душанбе менен болгон чыңалууну дипломатиялык жолдор менен басаңдатууга аракет кылууда.

Ооганстанда бийликти басып алган радикалдуу “Талибан” кыймылы Тажикстандын жетекчилиги менен мамиледеги чыңалууну азайтуу үчүн дипломатиялык аракеттерди көрүүдө. Бул тууралуу “Tolo News” телеканалы Ооганстандын Маалымат жана маданият министрлигине таянуу менен билдирди.

“Тышкы иштер министрлиги бардык өлкөлөр менен байланышта жана алар менен жакшы мамилелерди курууга аракет кылууда”, – деди “Талибандын” маданий иштер боюнча комиссиясынын мүчөсү Рохулла Омари.

Мындан тышкары, ал Тажикстан Ооганстан үчүн жакшы коңшу экенин баса белгиледи, бирок “Кабул Ооганстандын эгемендүүлүгүн  эч бир өлкө тарабынан бузууга жол бербейт” деп белгиледи.

“Биз бардык маселелерди Тажикстан менен талкуулайбыз”, – деп кошумчалады Омари.

Буга чейин Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан Душанбеде “Талибан” менен Панжшердеги каршылык  күчтөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү уюштурууга макулдашканы кабарланган. Бирок, бул демилге азырынча ишке аша элек.

Эске салсак, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында сүйлөп жатып, “Талибанды” Ооганстанда шайлоо өткөрүүгө жана бардык этникалык топтордун өкүлдөрүнүн, анын ичинде ооган тажиктеринин катышуусу менен инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырган.

Талиптер Тажикстанга Ооганстандын ички ишине кийлигишпөөнү эскертишкен.

“Талибан” Тажикстан менен чектеш Бадахшан жана Тахар провинцияларына миңдеген жоочуларын “ыктымал коркунучтарга” каршы жайгаштырганын билдирген. Өз кезегинде  Душанбе Ооганстан менен чектеш аймактарга 20 миңдей аскерин жайгаштырууну пландап жатканын жарыялаган.

Комментарий жиберүү