Түркияда орусиялык согуштук учактарды сатып алууга уруксат берилди

Түркия АКШ F-16 учактарын сатууну тоңдура турган болсо, Орусиядан Су-35 жана Су-57 согуштук учактарын сатып алууга уруксат берди.

Бул тууралуу Түркиянын коргоо өнөр жай башкармалыгынын башчысы Исмаил Демир билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

Анын айтымында, АКШ F-35тен кийин F-16 согуштук учактарын да сатууну токтотсо, Түркия Орусиянын Су-35 жана Су-57 учактарын сатып алышы толук мүмкүн.

Буга чейин, Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын директору Дмитрий Шугаев РИА “Новости” агенттигине, Анкара сатып алуу боюнча  чечим кабыл алса эле Москва түрк тарап менен Су-35 жана Су-57 учактары боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Ал эми Исмаил Демир “Канал 7” телеканалынын эфиринде, “Эгерде АКШ тарап менен процесс жыйынтык бербесе, анда Түркия альтернативасыз калбайт. Керек болсо Су-35 жана Су-57 темасы каалаган убакта ачылышы мүмкүн. Биз коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн бардыгын жасайбыз жана эгер кошумча нерсе керек болсо, анда ар дайым жолун таба алабыз” , – деп баса белгилеген.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жекшемби күнү Америка Кошмо Штаттары анын өлкөсүнө акыркы F-35 истребителдерин өндүрүү программасынан чыккандан кийин, F-16 согуштук учактарын сатып алууну сунуштаган.

Буга чейин, Кошмо Штаттар Анкаранын орусиялык С-400 абадан коргонуу системасын сатып алганына байланыштуу акыркы F-35 согуштук учактарынын өндүрүштүк программасынан четтетилгени тууралуу Түркияга расмий билдирүү жөнөткөн.

Америка F-35 долбооруна калган жети өнөктөшү: Улуу Британия, Италия, Нидерланды, Австралия, Дания, Канада жана Норвегия менен кол коюп, 2007-жылдын январында Түркия тарабынан кол коюлган биргелешкен меморандумду жокко чыгарган.

Комментарий жиберүү