Тажик укук коргоочулары Европарламенттен алардын талабын Рахмонго жеткирүүнү сурашты

Тажикстандагы саясий туткундарды коргоо боюнча жарандык комитет Европарламенттин жетекчилигинен тажик бийлигинин оппоненттеринин алты талабын президент Эмомали Рахмонго жеткирүүнү сурашты.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон ушул аптада Франция жана Бельгияга расмий сапар менен барары күтүлүүдө.

Польшадагы тажик оппозициячылары түзгөн жарандык комитет Европарламентке жолдогон катында Европа Биримдигинен Рахмонду саясий атаандаштарын жана алардын үй-бүлөлөрүн куугунтуктоону токтотууга, түрмөлөрдөгү саясий туткундарды бошотууга чакырууну сурашты.

Тажикстан бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок экенин айтып келет.

Елисей сарайынын расмий билдирүүсүндө “Республиканын президенти Эмомали Рахмонду 13-октябрда кабыл алат” деп айтылган.

Париж менен Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө негизги тема Ооганстандагы абал болору күтүлүүдө. Ооганстан менен чектеш өлкөлөрдүн ичинен Тажикстан Кабулдагы азыркы режимге каршы позициясын ачык билдирип келет.

Комментарий жиберүү