Грузияда кармалган Михаил Саакашвили ачкачылык жарыялады

Грузиянын мурдагы президенти жана Украинада Реформалар боюнча улуттук кеңештин аткаруу комитетинин башчысы Михаил Саакашвили мекенинде кармалгандан кийин ачкачылык жарыялады.

Бул тууралуу Грузиянын акыйкатчысы Нино Ломжария билдирди.
“Саакашвили ачкачылык жарыялаганын айтып, Украинанын жараны катары украиналык консул менен жолугушууну суранды”, – деди акыйкатчы.
Анын айтымында, Саакашвили кармоо учурунда каршылык көрсөткөн эмес, ошондуктан ага каршы эч кандай күч колдонулган эмес.
Экс-президент 1-октябрда кармалган. Ал мекенине сегиз жылдан бери биринчи жолу муниципалдык шайлоонун алдында кайтып барган. Саясатчы камакка алынганга чейин грузиндерди добуш берүүгө барууга үндөгөн видео жаздырууга жетишкен.
Буга чейин Грузияда Саакашвилиге каршы төрт кылмыш иши козголуп, эки иш боюнча саясатчы сырттан күнөөлүү деп табылган. Саясатчы кармалгандан кийин чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча ага каршы бешинчи кылмыш иши козголду. Ал өлкөгө мыйзамсыз киргенин Грузиянын Ички иштер министрлиги билдирди.
Саакашвилинин кармалышына байланыштуу Украинанын тышкы иштер министрлиги Грузиянын элчисин чакыртты. Украина президентинин пресс-катчысы Сергей Никифоров Киев окуяларга көз салып жатканын айтты.Теги: 

Комментарий жиберүү