Кытай Тажикстанга аскердик база куруп берет

Кытай Тажикстандын күч түзүмдөрү үчүн тажик-ооган чек арасына жакын жердеги Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна аскердик база курат.

27-октябрда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы бул тууралуу чечимди жактырганын маалымат каражаттары жазышты.

Өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Абдурахмон Аламшозода парламентте база автоном облустун Ишкашим районундагы Вахан айылына куруларын айтты.

Маалыматка караганда, курулуштун бюджети 55 миллион кытай юаны деп бааланууда. Бул болжол менен 100 миллион сомони болот.

Парламент депутаты Толибхон Азимзоданын айтымында, бул режимдик объект Тажикстандын Ички иштер министрлигине таандык болот.

Макулдашууга ылайык, базанын курулушу үчүн Кытайдан келе турган жабдуулар жана техникалык каражаттар үчүн бажы төлөмөдөрү алынбайт.

2019-жылы Washington Post гезити жергиликтүү жашоочулардын айткандарына таянып жана ал жакта тартылган сүрөттөрд жарыялап, Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Мургаб районунда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун базасы жайгашып келгенин жазып чыккан. Жергиликтүү тургундар америкалык журналисттерге ал жакта жүздөгөн кытайлык аскерлер жүргөнүн айтып беришкен.

Бирок, тараптар база бар экенин четке кагып келишкен, анын чоо-жайы, ким ээлик кылары тууралуу да маалыматтар өтө аз.

Комментарий жиберүү