ЖМК: “Талибан” Тажикстанга кирүүгө толук даяр

“Талибан” Тажикстанга кол салууга толук даяр.

Бул тууралуу “REVERSE SIDE OF THE MEDAL” Telegram-каналы талибдерге шилтеме берип жазды.

Маалыматта, “Тажиктердин талибандар тобу “Ансаруллах жамаатынын” башчысы Махди Арсалан Тажикстанга кирүүгө даяр”, – деп айтылат.

Эске сала кетсек, буга чейин ал Тажикстанда “Халифат” куруу ниети бар экенин билдирген.

Маалыматка ылайык, тажик талибдеринин лидери Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймактарынын башчысы болуп дайындалган. Учурда “Ансаруллах” тобу  Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймагынын жана Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин районунун бир бөлүгү болгон Дарваз аймагы менен Ооганстандын чектешкен аймактарын көзөмөлдөп жатат.

Буга чейин түндүк-чыгыш Бадахшан аймагынын губернаторунун орун басары Нисар Ахмад Ахмади Ооганстандын жаңы бийлиги Тажикстан менен чектеш аймакка согуштук жүрүшкө жөнөтүү үчүн атайын топ түзүлгөндүгүн билдирген.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле талибдер бийликке келгенден тартып бузула баштаган. Ал эми сентябрь айынын соңунда БУУнун Башкы ассамблеясында Эмомали Рахмон Ооганстанда эркин шайлоо өткөрүлүп, өкмөт өлкөдө жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнөн түзүлүшү керектигин айткан. Ошондон тартып, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле кыйла чыңала баштаган.

Комментарий жиберүү