Кыргызстан менен Ирандын учурдагы соода-экономикалык мамилелери өз деңгээлинде эмес

Иран президенти: “Иран менен Кыргызстандын учурдагы соода-экономикалык мамилелери өз деңгээлинде эмес  жана эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жакшыртуу керек”.

Кечээ, 25-октябрда Ирандын президенти Ибрагим Раиси Кыргызстандын Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыковдон ишеним грамотасын алды.

Кыргызстандын дипломаты менен Ирандын башчысынын жолугушуусунда эки тараптуу мамилелер талкууланды.

Раиси өз сөзүндө Иран менен Кыргызстандын учурдагы соода-экономикалык мамилелери өз деңгээлинде эмес экенин жана эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жакшыртуу керек экенин айтты.

“Эки өлкөнүн ар кандай аймактык уюмдарга, анын ичинде ЭКУ жана ШКУга мүчөлүгүн эске алганда, соода жана транзит тармагында эки тараптуу кызматташууга жакшы негиздер бар”, – деди Раиси.

Ал ошондой эле эки өлкө мамилелерди жакшыртуу үчүн жаңы программа иштеп чыга аларын айтып, Иран менен Кыргызстандын конструктивдүү кызматташуусу аймактык жана эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жакшырта аларын кошумчалады.

Сыдыков Иран президенти менен болгон сүйлөшүүсүндө Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна туруктуу мүчө болуу процесстеринин башталышы менен куттуктап, Ирандын бул уюмда негизги мүчө болушу Тегеран-Бишкек алакасынын мындан ары кеңейишине жол ачышы мүмкүн деп билдирди.

Мындан тышкары, ал соода-сатык алакаларын, биргелешкен инвестицияларды жана транзитти эки өлкөнүн ортосундагы өз ара алакаларды кеңейтүү үчүн эң маанилүү мүмкүнчүлүктөр катары атап, дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгынын келиши эки өлкөнүн ортосундагы ар түрдүү тармактардагы мамилелерди кеңейтүүгө чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деп кошумчалады.

Сыдыковдон сырткары, Ирандын президенти чет элдик 4 жаңы элчини кабыл алды. Мамлекет башчысына ишеним грамотасын Финляндия, Бельгия, Швейцария жана Кипрдын элчилери ишеним грамотасын тапшырды.

Белгилей кетсек, Турдакун Сыдыков Кыргызстандын Ирандагы элчиси жана Тегерандагы Экономикалык Кызматташтык Уюмунун туруктуу өкүлү болуп ушул жылдын июнь айында дайындалган.

Комментарий жиберүү