Куран – Аллахтын бүткүл адамзатка түшүргөн акыркы аяны жана ислам илими менен мыйзамдарынын негизги булагы. Курани Карим – кыяматка чейин бурмаланбай сакталчу жалгыз китеп. Куран түшкөндөн тартып Ислам душмандары андан ката табууга жана ага окшошту жаратууга жандалбас уруп келишет. Бирок алардын аракети майнапсыз. Ыйык китебин жокко чыгарып, ага ишенбегендерге Аллах Таала мындай деп кайрылат: “Эгер бардык адамдар жана жиндер чогулуп, Куранга окшогон нерсени жаратууга аракет кылышса да, атүгүл бири-бирине жардам беришсе да, эч качан ага…
Прочитайте больше02
Жүрөгүбүздү кантип тазалайбыз? Маанилүү 6 кеңеш
Бардык көйгөйлөрдүн башталышы – жүрөктүн ыпластыктарга толуп, ыймандын алсырашынан. Чыныгы ыйман келтирген адам жүрөгүн тазалап, Аллахка жакындоо үчүн болгон аракетин жумшайт. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Кабардар болгула! Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар. Ал бузулса, бүткүл дене бузулат. Ал оңолсо, бүткүл дене оңолот. Көңүл бургула! Ал – жүрөк” (Бухари). 1. Тобо келтирүү Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Амал китебинде көп Аллахтан көп кечирим суроо табылган адамга куш кабар болсун” (Ибн Маажа). 2. Бардык күнөөлөрдү таштоо Аллах Таала айтты:…
Прочитайте большеОоруп жатканда окулуучу дубалар
Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисинде мындай деп келет: «Ким бир түн бою ооруп, ага сабыр кылса жана Аллах Таалага ыраазы болсо, күнөөлөрүнөн энеси төрөгөн күндөгүдөй таптаза болуп арылат”. Бул материалда ооруп, шыпаа издеп жаткан бир туугандарыбыз үчүн пайгамбарыбыз сунуштаган дубаларды сунуштайбыз 1. Эгер дененин кайсы бир жеринде кандайдыр бир оору болсо, ошол жерге оң колду коюп, 3 жолу “Бисмиллах” деп айтылат. Андан кийин бул дубаны 7 жолу окуу керек: أعُوذُ بِعِزَّةِ اللَّهِ وَقُدْرَتِهِ مِنْ شَرّ ما أجِدُ…
Прочитайте большеДуба текке кетпейт
Суроо: Аллаху таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: «Дуба кылгыла, кабыл кылайын», – деп билдирүүдө. Бирок, мен кылган дубалар дайым текке кетүүдө. Мунун себеби эмнеде? ЖООП: Жок, дуба текке кетпейт. Эки хадиси шарифтин мааниси: «Раббиңер, албетте, хайа жана керем ээси. Кулдары колдорун көтөрүп бир нерсе сураганда алардын колдорун бош кайтаруудан хайа кылат.» [Тирмизи, Абу Давуд] «Аллаху таала айтты: «Эй, адам баласы, мага шерик кошпой кулдук кыла турган болсоң амалыңдын жообун беремин. Дуба кылуу сенден, кабыл кылуу болсо менден.» [Табарани] Аллаху таала: «Дубаңарды кабыл кыламын, колуңарды…
Прочитайте большеИрандын Жогорку лидери: «Батыштын капиталисттик түзүмү патриархалдык система болуп саналат»
Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өлкөнүн таасирдүү аялдары менен болгон жолугушууда аял менен эркектин исламдагы орду, заманбап батыш дүйнөсүндө аялдардын укуктары кандай тепселип жаткандыгы тууралуу кеп кылды. Хаменеи Ислам Республикасынын аялдар маселесинде Батыштын “эки жүздүүлөрүнө” карата позициясы коргонуу эмес, “талап кылуучу” позиция экенин, анткени заманбап батыш дүйнөсү, батыш философиясы жана учурдагы батыш маданияты ал жактагы аялдардын ар-намысы жана кадыр-баркы тепселенип жаткандыгына күнөөлүү экенин билдирди. Ал ислам баалуулуктарында эркек менен аялдын айырмасы жок экенин, тең укуктуу…
Прочитайте большеАнсаруллахтын лидери: Бүгүнкү күндө мусулман аялдар Азирети Захрадан (а.с) үлгү алышы керек.
Сионист лоббинин аялдарды бузуп коомду жок кылуу аракетин сындаган Ансаруллах кыймылынын лидери мусулман аялдардын Азирети Захрадан (р.а.) үлгү алышы керектигин айтты. Анткени ал адамгерчиликтин, ыймандуулуктун, адеп-ахлактын эң сонун үлгүсү болгон. Fars News Agency International Group агенттигинин маалыматына ылайык, Йемендин Ансаруллах кыймылынын лидери Сейед Абдул Малик Бадр ад-Дин аль-Хуси бүгүн бейшемби күнү түштөн кийин Азирети Захранын (а.р.) адамды ыйман даражасына жеткирүүчү ыйман негиздери өтө маанилүү экенин баяндады. Аль-Масира кабар каналы аль-Хусийге шилтеме берип кабарлагандай, Азирети Захра…
Прочитайте большеФранциялык басылма шакаба чеккен карикатуралары менен кайрадан чыр жаратты. Бул ирет Иран тууралуу
Иранда өлкөнүн Жогорку лидери Али Хаменеини мазактап, карикатурасын жарыялаган Франциянын “Charlie Hebdo” журналына нааразылык билдиришкен ирандыктар Франциянын Тегерандагы элчилигинин алдына митингге чыгышты. Иран Ислам Республикасынын бийлиги өлкөнүн руханий лидеринин “Charlie Hebdo” журналынын акыркы санында жарыяланган карикатураларын мазактоо катары карашты. “Франциялык басылманын диний жана саясий күчтүн карикатураларын жарыялоодогу кемсинткен жана уятсыз аракети жоопсуз калбайт… Биз француз өкмөтүнө чектен ашуусуна жол бербейбиз”, – деди Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан. Франциянын Тегерандагы элчиси Николя Рош түшүндүрмө берүү үчүн Ирандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды….
Прочитайте большеИракта Иран генералы Касем Сулеймани эскерилди
Ирактын Басре шаарында миңдеген ирактыктар Ирандын шейит болгон генералы Касем Сулеймани, Ирактын командири Абу Махди аль-Мухандисти жана алардын шериктерин эскеришти. Иш-чарага саясий ишмерлер да катышты. Анын жүрүшүндө Сулеймани менен Аль-Мухандистин өлтүрүлүшүн иликтөөнү улантуу талап кылынып, Ирактагы баскынчы күчтөрдү, анын ичинде АКШнын күчтөрүн чыгаруу зарылчылыгы баса белгиленди. Буга чейин иран ЖМКлары Ирактын борбор шаары Багдаддын эл аралык аэропортунун жанына Сулеймани менен Аль-Мухандистин айкели орнотулганын жазышкан. Эске салсак, Касем Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Ирактын Багдад шаарында АКШнын ракеталык соккусунан шейит болгон. Аны…
Прочитайте большеКанткенде толук бактылуулукка жетебиз?
Бул дүйнөдөгү ар бир адамдын максаты – бактылуу болуу. Бакытка жетүү тууралуу канча китептер жазылды, кинолор тартылды, эксперименттер жүргүзүлдү. Бирок эки дүйнөлүк бактылуулукка жетүү үчүн эч бир изилдөө жардам бере албайт. Чыныгы бактылуулук Исламда. Бактылуулук – бул ыйманга толгон жүрөк, Аллахка тапшырылган жан дүйнө. Бул макалада бактылуулукка жетүү үчүн айрым кеңештерди сунуштайбыз. Маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүүнү унутпаңыз. Ибадаттарыбызды чын жүрөктөн аткаруу менен бактылуу болобуз Аллахка жакындоо жана ыраазычылыгына жетүү үчүн кылынган ибадат жүрөккө тынчтык тартуулайт….
Прочитайте большеЭмне үчүн хеллоуинди белгилегенге болбойт?
31-октябрь дүйнө Хеллоуинди майрамдайт. Биздин өлкөдө да бул дата четте калбай, айрым жерлерде белгиленип келет. Бирок хеллоуин биз үчүн канчалык коркунучтуу? Исламда кандай каралган? Алдыда жооп таба аласыз? Бул “майрам” бутпарастардын негиздерине таянылып, кара күчтөрдү мактоо катары кабыл алынат. Хэллоуин шайтан жана өлгөндөрдүн арбактарына сыйынуу ритуалдарынан келип чыккан. ТАРЫХЫ Хеллоуиндин пайда болуусу тууралуу көп версиялар бар. Алардын эң негизгисине ылайык, Европаны байырлаган байыркы кельттер тарабынан киргизилгендиги айтылат. Алардын календары боюнча жыл ак-кара, караңгы-жарыкка бөлүнгөн. 31-октябрдан…
Прочитайте большеРаби́ Ас-Са́ни айы кирди. Бул айда кандай окуялар орун алган?
Раби́ Ас-Са́ни (Раби́-уль-Ахир – ربيع الآخر) – Ислам календары боюнча 4-ай.“Сани” – экинчи, ал эми “раби” – жаз. Ошентип, эки сөздү бириктиргенде “экинчи жаз” дегенди билдирет. Раби Ас-Сани айында жалпы Ислам дүйнөсү үчүн бир катар маанилүү окуялар болгон. Алардын негизгилерине токтолобуз. ИЕРУСАЛИМДИН БОШОТУЛУШУ (ХИТТИН САЛГЫЛАШЫ) Хижранын 583-жылы Раби ас-Сани айынын 19-күнүндө (1187-жылы 4-июлда) мусулмандар үчүн өтө маанилүү окуялардын бири Хиттиндеги салгылаш орун алган. Бул күнү Салахуддиндин башчылыгындагы мусулман аскерлери Палестинадагы Хиттин деген айылда кресттүүлөрдү жеңген….
Прочитайте большеАйя-София – пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн Константинополду багынтуунун символу
Стамбул ажайып кооздугу, өзгөчө атмосферасы жана тарыхый жерлеринин көптүгү менен барган адамды өзүнө тартып турат. Бул шаар мусулмандар тарабынан багындырыла тургандыгы сүйүктүү пайгамбарыбыз ﷺ тарабынан 14 кылым мурун убадаланган. Стамбулда бир гана мусулмандар үчүн эмес, жалпы адамзат үчүн ыйык эсептелген Айя-София мечити жайгашкан. Айя-София толлеранттулуктун, конфессиялар ортосундагы ынтымактын үлгүсү десек да жаңылышпайбыз. Айя-София – христиандардын алгачкы чиркөөсү. 1520-жылы Севилья Катедралы курулганга чейин 1000 жыл бою христиан дүйнөсүндөгү эң чоң чиркөө болгон. Ошондуктан христиандар үчүн бул…
Прочитайте большеАз жештин пайдалары
Суроо: Орозо кармап, ачка болуунун кандай пайдалары бар? ЖООП: Орозо кармоо башка, ачка болуу башка. Ачка болуунун пайдалары: 1-Ачка болгондун басирети (көрөгөчтүгү, даанышмандыгы) ачылат. Түшүнүү жөндөмү күчөйт. Хадиси шарифте: “Ачка болгон адамдын түшүнүгү артат, зээни (акылы) ачылат” жана “Тафаккур (ой жүгүртүү) ибадаттын жарымы, аз жеш болсо бүтүнү”, – деп айтылган. (И. Газали) Көп жеген адам көп уктайт. Көп уктаган адамдын болсо өмүрү текке кетет. Көп жеген адамдын акылы жана зээни начарлайт. Хадиси шарифте мындай делген: “Аллаху таала көп жеп-ичкен адамды сүйбөйт.” [И.Газали] 2-Ачкалык жүрөктө кылдаттыкты пайда…
Прочитайте большеМухаммед алейхиссалам
Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) 571-жылы Чын куран айынын жыйырмасына дал келген Рабиул аввал айынын он экисинде, Дүйшөнбү күнү таңга маал Мекке-и Мукаррама шаарында дүйнөгө келген. Дүйнөнүн бардык түпкүрүндөгү мусулмандар жыл сайын ушул түндү мавлид түнү катары белгилеп келишет. Атасы Абдуллах эрте кайтыш болгон. Энесинин аты Амина, чоң атасынын аты Абдулмутталиб болгон. Курайш уруусунун Хашим уулдарынан чыккан. Алты жашында энеси, сегиз жашында чоң атасы Абдулмутталиб кайтыш болгон. Абдулмутталиб Курайш уруусунун башчысы эле. Анын он эки уулу, алты кызы болгон. Пайгамбарыбыз…
Прочитайте большеЫйманы алсыз адамдын 7 белгиси
Күчтүү ыйман инсанды эки дүйнө бактылуулукка жетелейт. Ыйманды күн сайын бекемдеп, анын үстүнөн иштөө зарыл. Ал үчүн Аллах Таалага жакындап, пайгамбарыбыздын ﷺ сүнөттөрүн карманабыз. Алсыз ыйман адамды Аллахтан алыстатып, акыры түбөлүк өкүнүчкө алып келет. Бул макалада алсыз ыймандын негизги белгилерине токтолобуз. Күнөо иштерди өкүнбөстөн кыла берет Ыйманы алсыз адам күнөө кылса да, аны мойнуна албайт. Аллахтан кечирим сурабайт. Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисинде келет: “Пенде бир күнөө иш жасаган кезде жүрөгүндө бир кара так пайда болот. Эгер…
Прочитайте больше