Президент Сооронбай Жээнбеков: «Манас» эпосу—тарыхыбыздын, ал эми Айтматов—маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Манас» эпосу—тарыхыбыздын, ал эми Айтматов—маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, Манас күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Манас» жана Айтматов академиясына барды. Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты. Төмөндө Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет: «Урматтуу мекендештерим! Кыргыз элинин кылымдар бою муундан муунга өтүп келген, руханий жашоосунун маңызын түзгөн көөнөрбөс дөөлөттөрү бар. Алардын туу чокусу, журтубуздун сыймыгы — бул „Манас“ эпосу. Баарыңыздарды бүгүнкү Манас күнү менен чын ниетимден…

Прочитайте больше

Саякатчылар үчүн эң кооптуу өлкөлөр аталды

Саякатчылар үчүн эң кооптуу өлкөлөр аталды

International SOS компаниясынын медицина жана коопсуздук боюнча эксперттери саякатчылар үчүн эң кооптуу делген өлкөлөрдүн рейтингин түздү. “Sputnik” агенттиги маалымдагандай,  International SOS компаниясынын эксперттеринин баалоосу боюнча, 2020-жылы саякатчылар үчүн эң кооптуу өлкөлөр делип Ливия менен Сомали эсептелди. Эксперттер рейтингди түзүүдө үч жагдайды эске алышты: медицина, жеке коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугу. Эксперттердин айтымында, туристтердин ден соолугу үчүн кооптуу өлкөлөр делип Түштүк Судан, Гвинея, Либерия, Борбордук Африка Республикасы, Сьерра-Леоне, Нигер жана Эритрея аталды. Туристтердин жеке коосуздугуна көп коркунуч…

Прочитайте больше

Өзбекстанда Борбор Азиядагы эң чоң кино борбор ачылат

Өзбекстанда Борбор Азиядагы эң чоң кино борбор ачылат

“Өзбек фильм” улуттук агенттиги Борбор Азиядагы кино тартылуучу ири борбор ачыларын билдирди.  Бул тууралуу “Fars News” агенттигинин Ташкенттеги филиалы кабарлады.Белгилей кетсек, “Өзбек фильм” менен Даниянын Danmon grouр кино компаниясы тасма тартуучу техникалык жабдыктарды жана системаларды жаңылоо боюнча келишим түзүштү. Эки тарап ошондой эле тасма тартучу жабдыктарды экспорттоо, даректүү тасма жана мультфильмдерди тартуу боюнча кызматташууга кол коюшкан.  Берилген маалыматтарга караштуу, бул долбоор 2020- 2021-жылдары жүзөгө ашырылмакчы. Буга кошумча Ташкентте Борбор Азиядагы эң ири кино тартылуучу борбор түзүлүүсү караштырылууда….

Прочитайте больше

220 жылдык мааракеси белгилене турган Алымбек Датка ким болгон?

220 жылдык мааракеси белгилене турган Алымбек Датка ким болгон?

Алымбек Датка Асан бий уулу – 1799-жылы Кыргызстандын Алай өрөөнүндө туулуп, 1863-жылы кайтыш болгон. 1822–1840-жылдары Кокон хандыгында бийлик жүргүзгөн Мадалы хандын чакыруусу менен 27 жашында Кокон хандыгында кызмат өтөп, узак жылдар бою хандардын кеӊешчиси, аталык, Анжиян жана Ош аймактарынын беги болуп турган. Тарыхта Алымбек парваначы деп да аталган инсан кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын…

Прочитайте больше

Мулана Жалалад-Дин Руми

Мулана Жалалад-Дин Руми

Ар жылы 30-сентябрда дүйнө жүзүндө, өзгөчө Иран Ислам Республикасы менен Түркияда улуу даанышман, суфий, философ, Мулана Жалал ад-Дин Румини эскерүү күнү өтөт. Иран жергеси атагы ааламга таанылган даанышмандардын, аалымдардын жергеси болуп саналат. Андыктан бир нече кылымдар бою ирфан жана тасаввоф жаатында көптөгөн аалымдардын ысымы чыккан. Алардын бири Мулана Жалал ад-Дин Мухаммад Балхи болгон. Мулана Жалол ад-Дин Руми  толук аты-жөнү Жалол ад-Дин Мухаммад Балхи Руми – байыркы Чыгыш элдеринин эң көрүнүктүү даанышман, философ, агартуучу, акыны жана…

Прочитайте больше

Өзбек ырчылары тойлорго киргизилген чектөөгө нааразы

Өзбек ырчылары тойлорго киргизилген чектөөгө нааразы

Өзбек ырчылары үйлөнүү үлпөттөрүндө аткаруучулардын санына чектөө киргизилишине нааразы. Сентябрда Өзбекстан парламенти той чыгымдарын азайтуу үчүн музыканттардын, коноктордун жана кортеждеги транспорт каражаттарынын санын кыскартуу боюнча жаңы эреже кабыл алган. Бирок көптөгөн өзбек ырчылары тойлордо кызмат кылуу менен өздөрүнүн эле эмес, көптөгөн үй-бүлөлөрдү багышарын билдиришүүдө. Ырчы Муниса Ризаева үйлөнүү тоюнда төрт ыр аткарып, 800 доллар табарын жана аны жамааты менен бөлүшөрүн айтты. Бул сумманын ичинен 450 доллар алты музыкантка, эки айдоочуга жана эки жан сакчыга бөлүштүрүлүп…

Прочитайте больше

Бүгүн дүйнөдө Эл аралык туризм күнү белгиленүүдө

Бүгүн дүйнөдө Эл аралык туризм күнү белгиленүүдө

Аталган майрам дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде 30 жылдан ашуун убакыттан бери белгиленип келет. Салттуу түрдө бул майрамда салтанаттуу иш-чаралар жана фестивалдар өтөт. Бул майрам Кыргызстанда дагы белгиленип, анда туристтик компаниялар тарыбынан өлкөбүздүн кооз аймактарына атайын турлар уюштурулат. Майрам жыл сайын 27-сентябрда белгиленет. Максаты – туризмди жайылтуу, өлкөнүн экономикасына салым кошуп жаткан туризм багытын даңазалоо. Өлкөлөр аралык байланышты, достукту өнүктүрүү. Белгилей кетсек, 1979-жылы Испаниянын Торремолино шаарында Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдардын Башкы ассамблеясында 27-сентябрь туризм күнү деп бекитилген….

Прочитайте больше

Кыргызстанда Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгилене баштады

Кыргызстанда Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгилене баштады

Өлкөдө Мамлекеттик тил, башкача айтканда, кыргыз тили тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына 30 жыл болду. Ага карата жыл сайын атайын пландар бекитилип, майрамдоо иш-чаралары өткөрүлөт. Быйыл да 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүн майрамдоо башталды. Мисалы, бүгүн, 20-сентябрда, Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинде 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекеме, ишканалардын кызматкерлери, мугалимдер жана студенттер катышты. Иш-чара Ош шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин, Ош кыргыз улуттук драмалык театрынын артисттеринин, окуу жайлардын чыгармачыл топторунун…

Прочитайте больше

Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жогорку технологиялар ылдам өскөн шарттарда улуттук маданиятты сактап калуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Улуттук маданият коомду андан ары консолидациялоо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн…

Прочитайте больше

Быйыл Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары өтөт

Быйыл Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары өтөт

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашты. Тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданий иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды. Буга чейин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда. Күтүлүп жаткандай, оюндардын маданий бөлүгү – этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар «Манас Ордо» комплексинин аймагында…

Прочитайте больше

Америкалык мусулман ырчы президенттикке өз талапкерлигин койду

Америкалык мусулман ырчы президенттикке өз талапкерлигин койду

Америкалык мусулман ырчы “Acon” өлкөнүн 2020-жылдагы президенттик шайлоолоруна өз талапкерлигин коймокчу. Бул тууралуу ИКНА агенттиги News 24th маалымат порталына шилтеме берип маалымдады. Түбү синегалдык Американын хип-хоп аткаруучусу Алиум Дамала Бадара Эйкон Тиам  гезитине берген маегинде 2020-жылда өтө турган президенттик шайлоолорго ат салышаарын билдирген. Ал  ошондой эле Синегалдын туристтик шаарларында виртуалдык валюта базарын ачуу долбоорун уланта бере турганын кошумчалап кеткен. Эйкон президент Дональд Трампты сынга алып мындай деген: Мен Американын учурдагы абалына тынчсызданам жана өлкөдө зордук-зомбулук күчөп жатканына…

Прочитайте больше

“Супара”этно комплексинде өрт чыгып, жаңы имарат жана боз үйлөр күйүп кетти

“Супара”этно комплексинде өрт чыгып, жаңы имарат жана боз үйлөр күйүп кетти

Көк-Жар айылынын Карагул-Акмат көчөсүндө жайгашкан “Супара” этно комплексинде өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, өрт 18-сентябрда болжол менен түнкү саат 02:05тер чамасында катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок. Өрт саат 03:24тө чектөөгө алынып, таңы саат 06:46да толугу менен өчүрүлгөн. “Өрттүн кесепетинен жаңы курулуп жаткан имарат жана 6 боз үй күйүп кеткен”, – деп кабарлашты ӨКМ кызматынан. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн жалпысынан 6 өрт бөлүмү тартылган, мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери,…

Прочитайте больше

Ирандын 2500 жыл мурдагы шаары Түркияда табылды

Ирандын 2500 жыл мурдагы шаары Түркияда табылды

Түркиянын “Хуриет” гезити Амасиянын “Таппе Улуз” археологдору Ирандын “Хахамаш” дооруна таандык шаар табышканын жазып чыкты. IRNA  агенттигинин маалыматына ылайык, түркиялык археологдордун изилдөөлөрү боюнча, жер астында табылган шаарча 2500жыл мурда курулган. Изилдөөчүлөрдүн жетекчиси Шаукат Донмаз шаарчада табылган буюмдар Ирандын Хахамаш дооруна таандык экенин билдирди. Иликтөөлөрдүн натыйжасында бул шаардын ичинде “Гитилер” тарыхына тиешелүү болгон уйдун айкели, от жанып турган ибадаткана,  ири эмерек, бир канча мейман тосуучу чоң бөлмөлөр жана перстердин люкс бөлмөлөрү табылган. Учурда тарыхый шаарды кеңири…

Прочитайте больше

Жамангулов: Көчмөндөр оюндары учурунда 60 миңден ашуун турист келди

Жамангулов: Көчмөндөр оюндары учурунда 60 миңден ашуун турист келди

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө Кыргызстанга 60-70 миңдей чет элдик туристтер келди. Бул 2016-жылдагы оюндардан эки-үч эсе көп. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов “Азаттык” радиосуна билдирди. – Көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосундагы ачылышына 2016-жылы 30 миңге жакын адам келген. Быйыл бир күндө, ачылышына эле 150 миңдей адам келди. 2016-жылы Көчмөндөр оюндары учурунда 15-20 миңдей чет элдик жарандар турист катары келген. Быйыл болжол менен 60-70 миңге жакын деп эсептеп жатабыз. 2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында башталган…

Прочитайте больше

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачык деп жарыяланды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачык деп жарыяланды

Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында Өлкө башчысы Президент Сооронбай Жээнбеков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачык деп расмий жарыялады. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайтында кабарланды. Ат майдандын аянтында Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын, Түркиянын,     Венгриянын өлкө башчыларын, чет элдик конокторду жана Кыргызстандын элин сыймыктануу менен куттуктады. Ал өлкө башчыларынын катышуусун кыргыз элине жана жетишкендиктерине болгон сыйы деп белгиледи. Сооронбай Жээнбеков 2012-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин отрурумунда көчмөндөр цивилизациясынын маданиятынын кайра жаралуусуна түрткү берүү максатында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын…

Прочитайте больше