Иранда Ноорузга даярдыктар башталды. Сүрөттөр

Иранда жылдын маанилүү майрамы болгон Нооруз майрамына даярдыктар башталды. Нооруз алдында ирандыктар үйлөрүн тазалап даярдык көрө башташат, бул салт аларда “хане текани” деп аталат.

“Хане текани” перс тилинен которгондо “хане” – “үй”, “текани” –  “силкүү” деген маанини билдирет. Салт боюнча бардык үй-бүлө мүчөлөрү  үйдүн ичин толугу менен тазалап чыгышат: палас, парда, терезе жана эмеректердин бардыгын жуушат. Ошондой эле короо-жай, айлана чөйрөнүн баарын тазалап, кирлерден бери жуушат.

 Үйлөр жыйналгандан кийин бөлмөлөрдүн баарын гиацинт же нарцисс сыяктуу жыпар жыттуу гүлдөр менен толтурушуп, жыпар жыттуу чайыр түтөтүшөт.

Нооруз – Иран жана түрк элдеринин улуттук майрамы, адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири.  “Нооруз” деген сөз байыркы фарс тилинин “наурузи” деген сөзүнөн алынып, бизче “нау” – “жаңы”, “рузи” – “күн” деген маанини билдирет. Ал күн менен түн теңелген маалда, 21-мартта белгиленет.

Комментарий жиберүү