Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарынын проморолиги чыкты (видео)

Сентябрь айында Түркияда өтө турган көчмөндөр оюндарынын проморолиги жарыяланды.

Видео ролик “Dünya Göçebe Oyunları 2022” Youtube-каналына жүктөлдү.

Анда көчмөндөрдүн баары бир түндүктүн алдына бириккени чагылдырылган.

Көчмөн элдер көптөгөн окуялардан кийин кайрадан табышып, бири-бирин толуктап, маданиятын сактоо менен тарых уланып жатканы айтылган.

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга Түркиянын Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт.

Ага 74 мамлекеттен 2050 этноспортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч ирет Кыргызстанда өтүп, 2016-жылы эстафета Түркияга өткөрүп берилген.

Комментарий жиберүү