Элечек тууралуу кызыктуу 20 факт

1) Элечек иран тилинин “илачаг” сөзүнөн алынып, ханышанын баш кийими дегенди түшүндүрөт.

2) Элечекти келинди күйөөсүнүн үйүнө жөнөтөрдө кийгизишкен. Бул аялдын бир курактан экинчиге өтүүсүн көрсөтүүчү ырымдар менен коштолгон. Келинге элечекти үйдөгү эң улуу аял кийгизген.

3) Аялдар элечекти жайы-кышы үй ичинде да, сыртта да оронушкан. Аталган баш кийимди башынан жатар алдында гана алышкан. Байбичелердин айтып берүүсү боюнча, аны таруу майдалаганда да чечишкен эмес.

4) Тарыхта 20 жашка толо элек келиндер артына турнанын, же үкүнүн үлпүнчөктүү канаты жана ээк алгычы бар элечектерди кийишкен. Бул элечектерге айланта күмүш шуру же сайма сайылган тасма тагышкан.

5) 30 жаштан өткөн айымдардыкы элечек артына карай жыгылтылып, маңдайы түз тартылган. Кооздолгон куйрукчасы чыгарылган.

6) 50 жаштан жогору жаштагы аялдардын да элечектери артына карай кыйшайтылып, үстүнөн жоолук жамынышкан.

7) Элечек кийип жүргөн аялзаты башын өйдө көтөрүп, мойнун койкойтуп жүрөт. Бүкүрөйбөй, белин түз кармап, өзүнчө бир сын күтөт.

8) Кеп такыяны мурун баш кийим катары элечектен өзүнчө бөлүп карашкан эмес. Ал элечектин бѳлүгү болуп эсептелгендиктен, такыячан эл алдына чыгуу уят болуп саналган. Кеп такыя түштүк аймактарда элечектин бир бөлүгү болуп эсептелген.

9) Географиялык жана климаттык шартка жараша ар аймактын элечегинин түзүлүшү ар башка болгон.

10) Түштүктө элечек “каляк”, ал эми Таласта, Токтогулда “илеки” деп аталган.

11) Элечек аймагына жараша: ичинен кийген топучадан, же такыядан, сала коймо, ээк алмай, жыгым, кыргак, жоолук сыяктуу бир катар бөлүктөрдѳн турат.

12) Түндүк аймактарга тиешелүү элечектердин дээрлик бардыгында ээк алмайы бар. Ал сууктан, шамалдан сактап турат.

13) Түштүк аймактарда күн ысык болгондуктан, элечеги сорогой болуп үстүнө сөзсүз дурия жоолук жабылган. Алар күндөн сактап, көлөкө берип турган. Ошондой эле кеп такыянын алды ачык болгон.

14) Элечектин оролмолоруна жука ак кездеме, же даки колдонулган. Ээсинин көзү өткөндөн кийин элечектин кездемесин кепинге колдонушкан. Кээ бир учурда бала ороого жана жараат таңууга да керектешкен.

15) Кездеме көбөйө баштаган учурдан тарта элечектин матасын бала-бакырасына ырым кылып, шейшеп кылышкан. Көп жашаган аял болсо, айрым учурда жакындары бөлүп алышчу экен.

16) Элечектин чоңдугу анын ээсинин жашоо-турмушуна жараша болгон. Бай, оокаттуу кыргыздар элечекти 25-30 метрден кем эмес кылып, ак кездемеден орошкон.

17) Карапайым аялдар беш-жети метр менен гана чектелишкен.

18) Элечектин орточо салмагы 800 граммдан 1 килограммга чейин жетет.

19) Элечекти ороого узак убакыт талап кылынып, кеминде 45 мүнөт кетиши мүмкүн.

20) Элечек өлкөбүздөгү ар кыл идеалогияны тутунган инсандардын бардыгынын көңүлүнө төп келет.

Комментарий жиберүү