Телефонго болгон көз карандылыктан арылуу үчүн 9 ыкма

Статистикалык маалыматтар боюнча адам орто эсеп менен күнүнө 47 жолу смартфонун текшерип, 7 саат убактысын коротот экен.

%article_title%

Телефонго үңүлүү менен канча өмүрүбүздү пайдасыз өтүп жатат. Бул убакытты маанилүү иштерди бүтүрүүгө коротуу тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Бул макалада смартфонго кеткен убакытты азайтып, андан алыстоо ыкмалары менен бөлүшөбүз.

Эсиңизде болсун: алгач сиз телефонду кароого кеткен убакытка маани берип, арты эмнеге алып келерин жакшылап түшүнүшүңүз керек. Өзүңүз үчүн жоопкерчиликтүү боло албасаңыз, бул кеңештер эч кандай жардам көрсөтө албайт.

1. Көп убакытты алган тиркемелерди өчүрүңүз

Кайсы тиркемелер сизди көбүрөөк азгырат? Мисалы, Instagram дейли. Аталган тиркемени убактылуу өчүрүп туруңуз. Же көрүнбөгөн папкаларга жайгаштырыңыз. Аны табуу кыйынчылыкты туудурсун. Ошондой эле керексиз, эч кандай пайда алып келбеген тиркемелерден тазаланыңыз.

2. Тиркемелерге убакыт чектөөлөрүн орнотуңуз

Телефон кароого канча убакыт коротуп жатканыңызды аныктаңыз. Тиркемелерге күнүмдүк лимит коюңуз. Сиз көрсөткөн убакыт бүткөндө, атайын билдирүү келет. Ошондо дароо токтотушуңуз керек.

3. Кабарландырууну (уведомления) өчүрүңүз

Кайра-кайра келе берген эскертүүлөр ого бетер адамды азгырат. Ошондуктан мүмкүн болсо бардык тиркемелердин кабарландыруу функциясын өчүрүп тыштаңыз.

4. Телефонду катып коюңуз

Смартфонуңузду көзгө көрүнбөгөн жерге жашырып коюңуз. “Көздөн алыс – көңүлдөн алыс” дейт эмеспи. Мындай ыкма маанисиз эле телефонду тиктей берүүдөн тосот.

5. Кол саат жана ойготкуч колдонуңуз

Күндүз сааты карамакчы болуп, социалдык тармактарга бир топ убактыбызды коротконубузду байкабай калабыз. Кол саат колдонуп баштаңыз, а телефонду сумкаңыздан же чөнтөгүңүздөн алып чыкпаңыз.

Эрте туруу үчүн классикалык ойготкучту пайдаланыңыз. Ал уктаганга чейин жана ойгонгондон кийин дароо телефонго үңүлбөөгө жакшы жардам берет.

6. Жөнөкөй телефон сатып алыңыз

Кнопкалуу жөнөкөй телефон сатып алыңыз. Кимдир бирөө менен сүйлөшүү зарылчылыгы болсо, ушул телефонду колдоносуз. Мында интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, бир топ убактыңызды үнөмдөйт.

7. Белгилүү бир убакытка телефонду өчүрүп туруңуз

Күнүгө кеминде 1,5 саат убакытты белгилеп, смартфонду өчүрүңүз. Мисалы, кечки саат 8ден 10го чейин дейли.

8. Үй-бүлөңүз менен отурганда телефонду колдонбоңуз

Жакындар менен убакыт өткөрүп жатканда виртуалдуу жашоодон алыстап, жандуу маектешүүгө көңүл буруңуз. Ошондой эле тамактанып жатканда да смартфонду тиктегенге болбойт. Бул убакта телефонду алысыраак коюп коюңуз. Экрандан көздү албай тамактануу ден соолукка абдан зыян.

9. Сейилдөөгө чыкканда смарфонду үйгө калтырыңыз

Айланага көз чаптырыңыз. Асмандагы булуттарды, бак-дарактарды, ары-бери өткөн адамдарды караңыз. Телефондогу жашоо менен эмес, учур менен жашаңыз.

Комментарий жиберүү