Россияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

13-июнда Россиянын Сергиев Посад шаарында Чыңгыз Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт.

Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш «Русский мир» аталыштагы Россия жана Евразия өлкөлөрүнүн элдеринин дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлөт.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Чыңгыз Айтматовдун кубогу жана уюштуруу комитетинин сыйлыктары, ал эми катышуучулар эстеликке сувенирлер менен сыйланышат.

Мелдештин негизги максаттары:

кыргыз-россиялык алаканы бекемдөө;

Россия күнүн жана Александр Невскийдин туулган күнүн белгилөө;

жазуучу, Советтер Союзунун социалисттик эмгектин баатыры Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу;

көк бөрүнү Евразиянын көчмөн элдеринин улуттук спорту катары жайылтуу максатында өткөрүлөт.

“Көк бөрү боюнча эл аралык мелдешти атайын түзүлгөн уюштуруу комитети алып барат. Уюштуруу комитетине спортту жана тынчтыктын маданиятын жайылтуу боюнча региондор аралык коомдук фондунун, Россия элдеринин ассамблеясынын жана Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү кирет. Мелдеш КР Көк бөрү федерациясынын эрежелери боюнча өткөрүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Комментарий жиберүү