Египетте 3000 жылдык байыркы шаар табылды

Египеттин Луксор шаарында археологдор 3000 жыл мурун кум алдында калган шаарды таап алышты. 

Бул тууралуу Египеттин тарыхый эстеликтер боюнча уюму маалымдаганын “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Окумуштуулардын божолмолдоосу боюнча шаар биздин заманга чейин XIV кылымда Байыркы Египетти башкарган фараон Аменхотеп IIIтүн мезгилинде негизделген жана ошол мезгилде аймактын эң ири административдик борбору болгон.

Шаардын көчөлөрүндө дубалдары үч метрге чейин жеткен үйлөр сакталып калган. Маалыматт үйлөрдүн бөлмөлөрүнөн адамдардын жашоосуна байланыштуу шаймандар табылганы айтылат. Ошондой эле бул байыркы шаарда Аменхотеп IIIкө таандык үч падыша сарайы табылган. Казуу иштеринин натыйжасында бул байыркы шаардан дагы тарыхый экспонаттардын табылышы күтүлүүдө.

Жонс Хопкинс университетинин египетологу профессор Бетси Брайан шаардын ачылышын Египеттеги Тутанхамон күмбөзү табылгандан берки эң чоң тарыхый табылга деп атады. Шаар табылган жерде казуу иштери 2020-жылы сентябрда башталган. Окумуштуулар Тутанхамондун сөөгү коюлган храмды табууну пландаган. Иш башталгандан көп өтпөй  окумуштуулар чийки кирпичтен тургузулган курулуштарды, андан соң жакшы сакталып калган бүтүндөй бир шаарды табышкан.

Окумуштуулар шаардын кайсы учурга таандык экенин шараптын чопо идиштериндеги иероглифтик жазуулардан жана чийки кирпичтердеги Аменхотеп IIIтүн мөөрүнөн улам аныкташкан. Кийинчирээк жазылган жазуулар шаар Аменхотеп III уулу Эхнатон менен кошо бийлик жүргүзүп турган мезгилде дагы бар болгонун тастыктады. Андан аркы казуулардын жүрүшүндө шаардын башка аймактарын – административдик, турак жай жана өнөр жай жерлерин табууга мүмкүн болду, ал жерде кыш чыгаруучу жер жайгашкан жана темирден жана айнектен буюмдарды жасоочу формалар табылган.

Комментарий жиберүү