Иран президенти дүйнөдөгү таасирдүү аялдарды кабыл алды. Алардын катарында Айгүл Жапарова да бар

Иран президенти дүйнөдөгү таасирдүү аялдарды кабыл алды. Алардын катарында Айгүл Жапарова да бар

 Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Ирандын президенти Ибрахим Раисинин Тегеран шаарында өтүп жаткан илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын Биринчи эл аралык Конгрессинин катышуучулары менен жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууга Армениянын премьер-министринин, Сербиянын, Ирактын, Буркина-Фасонун президенттеринин жубайлары, ошондой эле Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынын 40тан ашык өлкөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги делегациялары, анын ичинде Азербайжандын, Казакстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан, Индонезия, Малайзия, Сальвадор, Кытай, Япония ж.б. өкүлдөрү да катышты. Ирандын президенти Ибрахим Раиси өз…

Прочитайте больше

АКШ ИМ тероррдук уюмуна тымызын демөөрчүлүк кылабы?

АКШ ИМ тероррдук уюмуна тымызын демөөрчүлүк кылабы?

АКШ азыркы ооган бийлигинин каршылаштары менен байланыш түзүүгө аракет кылып, «Ислам мамлекети» (ИМ) тероррдук уюмуна тымызын демөөрчүлүк кылууда. Бул туурасында Москвада маалыматтар бар экенин Россиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды. «Ооба, мындай маалыматтар бар, алар муну пайда алыш үчүн эмес, зыян тийгизүү үчүн жасашат, анткени алар чындап эле Ооганстандагы аскердик-саясий жеңилүүсү үчүн өч алууну каалашат. Бул үчүн алар аталган аймакта тынчтык орнобошу үчүн колунан келгендин баарын жасашат. Бирок андан да жаманы, англо-саксондор…

Прочитайте больше

Токаев парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күнүн белгиледи

Токаев парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күнүн белгиледи

 Казак президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин төмөнкү палатасы – мажилисти таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоону 19-мартка белгиледи. Тиешелүү буйрук Акордонун сайтына жарыяланды. 19-январда күчүнө кирген буйрукка ылайык, бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештердин – маслихаттардын да ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулду. Бейшембиде президент Токаев Астанада парламенттин эки палатасынын жана өкмөттүн жетекчилери менен жолугуп, эрте шайлоо өткөрүүнү талкуулады. Коңшу өлкөнүн жаңы мыйзамдарына ылайык, мажилистин депутататтырынын 70% партиялык тизме менен, калганы 30% бир мандаттуу округдардан шайланат. Мажилисте 107 эл өкүлү бар. Облустук жана…

Прочитайте больше