Франциялык саясатчы НАТОдон чыгууну сунуштады

Франциялык саясатчы НАТОдон чыгууну сунуштады

 Франция мамлекетин НАТО уюмунан чыгаруу тууралуу сунуш түштү. Франциянын «Патриот» саясий партиясынын лидери Флориан Филиппо Twitter баракчасына өлкөсүн НАТОдон чыгууга үндөгөн билдирүү жазган. Саясатчы бул тууралуу Түндүк Атлантикалык альянстын аскерий комитетинин башчысы Роб Бауэрдин НАТОнун Россия менен тикелей тирешүүгө даярдыгы тууралуу сөзүнөн кийин билдирди.   «Булар үчүнчү дүйнөлүк согушту каалап жатышат, андан көрө биз НАТОдон чыгалы, дүйнөдө тынчтык орун алсын!», – деп жазган Филиппо. 29-январда НАТОнун Аскердик комитетинин башчысы лейтенант-адмирал Роб Бауэр альянс Россия менен тикелей тирешүүгө даяр экенин билдирген. Ал…

Прочитайте больше

Дрондордун чабуулу, заводдогу өрт, жер титирөө-Иранда эмне болуп жатат?

Дрондордун чабуулу, заводдогу өрт, жер титирөө-Иранда эмне болуп жатат?

 29-январга караган түнү Ирандын Исфахан провинциясында ок-дары чыгарылган заводго квадрокоптер менен чабуул жасалды. Америка, Израиль жана алардын союздаштары менен байланышы бар маалымат каражаттары күтүүсүздөн Израилдин Ирандын объектилерине каршы операциясы башталганы тууралуу жаза башташты. Анткени Исфахандагы аскерий объектиге кол салуу Ирандын түндүк-батышында миңге жакын адам жаракат алган 5,9 баллдык жер титирөөдөн кийин болду. Дээрлик бир эле убакта жер титирөөнүн эпицентринен 120 чакырымдай алыстыкта ​​жайгашкан Азершахр шаарындагы мотор майын чыгаруучу заводдо өрт чыкты. Соцтармактарда арты-артынан болгон бул…

Прочитайте больше

ТҮРКСОЙдун 30жылдыгына карата бир катар иш чаралар өтөт

ТҮРКСОЙдун 30жылдыгына карата бир катар иш чаралар өтөт

 2023-жылы эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун түзүлгөндүгүнө 30 жыл толот. Ага карата дүйнө жүзүндөгү түрк тилдүү мамлекеттерде бир катар маданий мааракелерди өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу аталган уюмдун Баш катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасында жазды. “Урматтуу достор! 2023-жыл Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ үчүн өтө маанилүү жыл. Бу жылы уюмубуздун 30 жылдыгын белгилейбиз. Азыркы күндө түрк дүйнөсүндөгү эң алгачкы эл аралык уюм – ТҮРКСОЙ дүйнөлүк кадыр-барктуу, таанымал, маданият алкагында активдүү ишмердүүлүк жүргүзгөн руханий көпүрөгө айланды….

Прочитайте больше

Кытай АКШны Украинадагы кырдаалды курчутуп жатат деп айыптады

Кытай АКШны Украинадагы кырдаалды курчутуп жатат деп айыптады

Украин жаңжалынын курчушуна Вашингтон күнөөлүү. АКШ Киевди курал-жарак менен камсыздап, кризистик кырдаалды татаалдантып жатат. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин билдирди. «Эгер АКШ чын жүрөктөн азыркы абалдын болушун каалабаса, бул кризис эң кыска мөөнөттө бүтмөк», – деди ал. Ошондой эле, ал АКШ Кытайга каршы негизсиз айыптарды тынымсыз айтып жатканын белгиледи. «Биз фактыларга таянбаган мындай чабуулдарды кабыл албайбыз жана Вашингтон кытай ишканаларынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын эч кандай негиздерсиз бузуп жатканына сабыр менен карап отура албайбыз»,…

Прочитайте больше

Ирандын Жогорку лидери: «Батыштын капиталисттик түзүмү патриархалдык система болуп саналат»

Ирандын Жогорку лидери: «Батыштын капиталисттик түзүмү патриархалдык система болуп саналат»

Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи өлкөнүн таасирдүү аялдары менен болгон жолугушууда аял менен эркектин исламдагы орду, заманбап батыш дүйнөсүндө аялдардын укуктары кандай тепселип жаткандыгы тууралуу кеп кылды. Хаменеи Ислам Республикасынын аялдар маселесинде Батыштын “эки жүздүүлөрүнө” карата позициясы коргонуу эмес, “талап кылуучу” позиция экенин, анткени заманбап батыш дүйнөсү, батыш философиясы жана учурдагы батыш маданияты ал жактагы аялдардын ар-намысы жана кадыр-баркы тепселенип жаткандыгына күнөөлүү экенин билдирди.   Ал ислам баалуулуктарында эркек менен аялдын айырмасы жок экенин, тең укуктуу…

Прочитайте больше