АКШда полициянын колунан бир адамдын каза табышы нааразылык акцияларын тутантты

АКШда полициянын колунан бир адамдын каза табышы нааразылык акцияларын тутантты

АКШнын Теннесси штатынын Мемфис шаарында полиция кызматкерлери Тайр Николсту машинаны этиятсыз айдагандыгы үчүн токтотуп, сабашкан. Николс мындан көп узабай каза тапкан. Аны сабаган видео интернетке тарагандан кийин миңдеген америкалыктар полициянын зордук-зомбулуктарына каршы нааразылык акциясына чыгышты. Беш офицерге адам өлтүрүү боюнча айып тагылды. Январь айынын башында кара терилүү жана ак терилүү полиция кызматкерлери 29 жаштагы Николсту автоунаасын этият айдабаганы үчүн токтотушкан. Кийин Мемфис шаарынын полиция департаментинин жетекчиси Николстун эреже бузбаганын айткан. Шаардын полициясы Николстун өлүмүнө байланыштуу…

Прочитайте больше

Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Иш сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болду. Андан соң өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашты. Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого бекем ниетин ырастаганын белгилешти. Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн…

Прочитайте больше

Азербайжан элчилигиндеги куралдуу колсалууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн реакциясы

Азербайжан элчилигиндеги куралдуу колсалууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн реакциясы

 Кечээ, 27-январда Азербайжандын Ирандагы элчилигине куралдуу кол салуу болгон. Окуядан элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы каза болуп, дагы эки кызматкер жаракат алган. Ок чыгарган адам дароо кармалган. Шектүү сурак учурунда кылмышты жеке жана үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн негизинде жасаганын айтты. Окуядан кийин Ирандын Бакудагы элчиси Сейед Аббас Мусави Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан дароо азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов менен байланышып, колдоо сөздөрүн айтып, көңүл айтты. Бул окуяга Борбор Азия өлкөлөрү кандай реакция кылганы тууралуу материалдан окуңуз. Казакстан…

Прочитайте больше

БУУнун Баш катчысы интернетке чектөө киргизүүгө чакырды

БУУнун Баш катчысы интернетке чектөө киргизүүгө чакырды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш интернетте жек көрүүнүн жана жалган маалыматтардын жайылышын алдын алуу үчүн интернетке чектөөлөрдү киргизүүгө чакырды.  Бул тууралуу чет өлкөлүк ЖМКлар жазды.  Мындай чакырык менен ал маалыматтык экосистемага таасири бар бардык адамдарга: өкмөттөргө, саясатчыларга, журналисттерге жана технологиялык компанияларга кайрылды.  «Жек көрүүнү токтоткула. Чектөөлөрдү киргизгиле. Интернеттин көптөгөн бутактары жек көрүүнүн жана каардуу калптын уулуу сактагычтарына айланып баратат», – деди Гутерриш Холокостту эскерүүнүн эл аралык күнүнө арналган салтанатта сүйлөп жатып.  Ал ошондой эле, коомдук маалыматтын…

Прочитайте больше