Стокгольмдогу Курандын өрттөлүшү. Эрдоган Швецияны НАТОго киргизбейт

Стокгольмдогу Курандын өрттөлүшү. Эрдоган Швецияны НАТОго киргизбейт

Даниялык саясатчы Стокгольмдо Куранды өрттөгөндөн кийин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго киришине каршы чыкты. 21-январда Стокгольмдо ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, Куранды өрттөгөн.  Акция Швеция бийлигинин уруксаты менень өткөн. Палудан муну менен Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү каалаганын айткан. Мындан улам Эрдоган Швеция НАТОго кирүү үчүн Түркиянын колдоосун күтпөй эле койсо болорун айтып, эгер Швеция Түркияны, ошондой эле мусулмандардын диний сезимдерин сыйлабаса, НАТОго мүчө болуу үчүн Анкарадан эч кандай колдоо күтө…

Прочитайте больше

Кыргызстан, Казакстан жана Иран ооган аялдарын окууга кабыл алууга даяр

Кыргызстан, Казакстан жана Иран ооган аялдарын окууга кабыл алууга даяр

23-январда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров расмий билдирүү жасап, Астана талибдер жана Евробиримдик менен ооган аялдарын окутуу программасы боюнча макулдашууга жетишкенин айткан. Дипломат белгилегендей, казак университеттери Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы ооган студенттери үчүн Евробиримдик жана БУУнун Өнүктүрүү программасы биргелешип ишке ашырып жаткан билим берүү долбооруна активдүү катышууну улантат. Бирок, факт боюнча, бул чара Ооганстанда аялдардын билим алуу маселесин чече албайт. Эмнеге? Талибан ооган аялдарына чет өлкөдө окуусуна тыюу салган эмес, бирок аларды өлкөдөн чыгарбай…

Прочитайте больше

Өзбекстандын Президенти 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын Президенти 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.  «Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.  Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.  Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.  Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик…

Прочитайте больше

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга 400 үй курулат

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга 400 үй курулат

Мамлекет Афганистандан көчүп келген кыргыздарга бекер үй салып берет. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакынкы мезгилде Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат. Өлкө жетекчилиги Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл…

Прочитайте больше

Жапаров Лукашенко менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Жапаров Лукашенко менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндүгүнө 30 жыл болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары бири-бирин Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен кызуу куттукташты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Отуз жылдын ичинде өлкөлөр ортосунда өз ара урматтоонун жана өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн достук мамилелер өнүгүп келе жатканы тууралуу лидерлердин пикири бир чыкты. Эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплекси, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда бара-бара өнүгүп келе жатат. Президент Садыр…

Прочитайте больше