Түркия жалгыз эмес. Зилзаладан жабыркаган түрк элине жардам көрсөткөн өлкөлөр

Түркия жалгыз эмес. Зилзаладан жабыркаган түрк элине жардам көрсөткөн өлкөлөр

Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон кыйраткыч жер титирөөнүн кесепетинен улам шаарлар бир заматта урандыга айланып, курмандыктардын саны саат сайын өсүп, он миңдеген адамдар жаракат алышты. Учурда дайынсыз жоголгондор изделип, урандылардын алдында калгандар алып чыгарылууда. Жер титирөө 6-февраль эртең менен Түркиянын Кахраманмараш провинциясында болуп,анын күчү 7,4кө жетти. Учурда каза болгондордун саны 2921ге көбөйүп, жаракат алгандардын саны 14 834кө жетти.  Жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген. Акыркы маалыматтар боюнча ал жакта 711 киши каза таап,…

Прочитайте больше

Эдил Байсалов мусулман аялдар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Эдил Байсалов мусулман аялдар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту

 Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мусулман аялдар уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.  Жыйындын жүрүшүндө коомчулук алдында турган маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, социалдык көйгөйлөрдү чечүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Жыйындын катышуучулары аялдар укугун мамлекеттик деңгээлде илгерилетүү маселелерин чечүү жолдорун талкуулашты.

Прочитайте больше

Эбола жана COVID-19дан да коркунучтуу: Эксперттер куш тумоосу мутацияланышы мүмкүн экенин эскертишти

Эбола жана COVID-19дан да коркунучтуу: Эксперттер куш тумоосу мутацияланышы мүмкүн экенин эскертишти

  Акыркы жылдары куш тумоосу (H5N1) көп каттала баштады. Мурда вирус канаттуулар үчүн гана коркунучтуу болсо, азыр адамдар үчүн да кооптуу болууда. Бул тууралуу «Ведомости» басылмасына жугуштуу оорулардын вирусологдору билдирди. Окумуштуулар H5N1 вирусунун мутациялары адамдан адамга жугушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Вирусологдор мунун кесепети жада калса коронавирус пандемиясынан жана Эболадан да ашып түшүшү мүмкүн деп айтышууда. Россиянын Фундаменталдык жана трансляциялык медицина боюнча федералдык изилдөө борборунун өзгөчө коркунучтуу инфекциялар лабораториясынын башчысы Александр Чепурнов илимий изилдөөлөр вирустун адамдан адамга тароо ыктымалдыгын…

Прочитайте больше

Россия Кыргызстанда жугуштуу ооруларды изилдеген борбор курат

Россия Кыргызстанда жугуштуу ооруларды изилдеген борбор курат

  Россия Кыргызстанда жугуштуу ооруларды изилдөөчү илимий борбор курат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди. Депутаттар Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Россиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борборду куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун карашты. Арыкбаева аталган жай Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун базасында курулаарын билдирди. Анын айтымында, аталган мекеме 1937-жылы ишин баштаган. Имараты 1964-жылы курулган. Эң негизгиси Россия тарап…

Прочитайте больше

«Бүркүт-44»: Иран биринчи жолу аба күчтөрүнүн жер астындагы базасын көрсөттү. Видео

«Бүркүт-44»: Иран биринчи жолу аба күчтөрүнүн жер астындагы базасын көрсөттү. Видео

 Иран биринчи жолу өлкөнүн аба күчтөрүнүн согуштук жана бомбалоочу учактары бар жер астындагы аскердик-тактикалык жаңы базасын көрсөттү. Репортажды Иран Ислам Республикасынын улуттук телерадиокорпорациясы тарткан. «Агаб-44» (Бүркүт-44) деп аталган базасын көрсөтүү ишчарасына Ирандын Коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-майор Мохаммад Багери жана Ирандын кургактагы аскерлеринин башкы командачысы генерал-майор Абдулрахим Мусави катышты. База өлкөнүн аба күчтөрүнүн бомбалоочу жана согуштук учактарынын бардык түрүн кабыл алууга жана тейлөөгө жөндөмдүү.  Ал жердин тереңинде жайгашкан жана аба чабуулдарынан жана бомбалоодон коргоонун өзгөчө даражасына ээ. Ошондой…

Прочитайте больше