КЭР АКШны Кытайдын үстүнөн шар учурду деп айыптады

КЭР АКШны Кытайдын үстүнөн шар учурду деп айыптады

 Кытай Эл республикасы АКШнын чалгындоочу аба шарлары Кытайдын аба мейкиндигине он жолу басып кирди деп айыптады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу маалымат берип жатып, америкалык тарап өткөн жылы Кытайдын үстүнөн уруксатсыз он жолу шар учурганын билдирди. Буга чейин маалым болгондой, ушул жылдын 3-февралында АКШ Кытайдын чалгындоочу шары Кошмо Штаттардын түндүк бөлүгүндө учуп жүргөнүн байкаган. Эртеси күнү америкалык аскерлер аны президент Жо Байдендин буйругу менен атып түшүрүшкөн. Болжолдуу түрдө иликтөөчү Алеут аралдарынан Канада аркылуу келип,…

Прочитайте больше

АКШ Россия менен КМШда террордук чабуул уюштуруу үчүн согушкерлерди даярдоодо

АКШ Россия менен КМШда террордук чабуул уюштуруу үчүн согушкерлерди даярдоодо

 Россиянын Тышкы чалгын кызматы АКШ армиясы Россияда жана КМШда террордук чабуулдарды жасоо үчүн согушкерлерди жалдаганы тууралуу маалымат таратты. Январь айында АКШ Россия менен КМШ өлкөлөрүндөгү теракттар үчүн 60 согушкерди тандап алган. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «Тышкы чалгындоо кызматына келип түшкөн ишенимдүү маалыматтарга караганда, америкалык аскерлер Россиянын аймагында жана КМШ өлкөлөрүндө теракттарды уюштуруу үчүн “ИМ”* жана “Аль-Каида”* менен байланышы бар жихаддык топтордун согушкерлерин жигердүү жалдап жатат», – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө. Тышкы чалгындоо кызматы билдиргендей,…

Прочитайте больше

Түркиядагы зилзала: Борбор Азия өлкөлөрүнөн каза болгондор жана жарбыркагандар

Түркиядагы зилзала: Борбор Азия өлкөлөрүнөн каза болгондор жана жарбыркагандар

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны күн санап өсүүдө. Табигый кырсыктан башка мамлекеттердин жарандары да жабыркады. Акыркы сааттарга алынган маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаладан Борбор Азия өлкөлөрүнүн канча жараны жабыркаганы белгилүү болду. Кыргызстан 🇰🇬 КР Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Хатай провинциясында жер титирөөдөн улам 37 жаштагы кыргызстандык аял каза болгонун билдирди. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да тастыктады. Билдирүүлөргө караганда, кыргызстандык аялдын жансыз денесин куткаруучулар 11-февраль күнү ураган имараттын астынан алып чыгышкан. Маркумдун өздүгү жакындары тарабынан…

Прочитайте больше

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепети 84млрд доллар деп бааланууда

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепети 84млрд доллар деп бааланууда

Түркиядагы жер титирөөнүн экономикалык зыяны 84 млрд АКШ долларына бааланууда. Бул тууралуу Bloomberg Түркиянын Ишкерлер жана бизнес конфедерациясына шилтеме берүү менен жазды. Уюмдун маалыматына караганда, анын ичинен кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү 70,8 млрд долларга жана улуттук кирешени жоготуу 10,4 млрд долларды түзүүдө. Бул суммалар ИДПнын болжол менен 10%ын түзөт. Эмгек жоготуулары Түркиянын экономикасына 2,9 млрд доллар зыян келтирет. Отчетко ылайык, Түркиянын инфраструктурасына, анын ичинде жолдорго жана электр тармактарына, ошондой эле ооруканалар менен мектептерге келтирилген зыян…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кытайга барат

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кытайга барат

Ирандын президенти Ибрахим Раиси үч күндүк иш сапары менен бүгүн Пекинге жөнөп кетет. Бул тууралуу “IRNA” агенттигинин сайтында айтылат. Иш сапардын алкагында Раиси Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Иран президентинин Пекинге боло турган сапарын Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин да тастыктады. Раиси жаңы Кытай жылында Пекинге келген биринчи саясий лидер болот. Тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен жыйынына катышат, ошондой эле Кытайда жашаган ирандыктар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мындан тышкары, сапардын алкагында Раиси кытайлык ойчулдар жана…

Прочитайте больше

Монархия кулаган күн. Иранда Ислам революциясынын жеңишине арналган жүрүшкө 20миллиондон ашуун адам чыкты

Монархия кулаган күн. Иранда Ислам революциясынын жеңишине арналган жүрүшкө 20миллиондон ашуун адам чыкты

 11-февралда Иранда Ислам революциясынын жеңишинин 44 жылдыгы даңазалуу белгиленди. Мындан 44 жыл мурун болгон революцияда шахтын бийлиги кулатылып, монархияга чекит коюлган. Жыл сайын бул күнү өлкө боюнча миллиондогон адамдар жөө жүрүшкө чыгышып, Ислам революциясынын жеңишинин жылдыгы бүтүндөй өлкө аймагында массалык түрдө өзгөчө шаңдуу белгиленет. Быйыл дагы өлкөнүн бардык провинциялары менен шаарларынын борбордук көчөлөрү элге жык толуп, майрамдык маанай сезилди. Жөө жүрүшкө 20 миллиондон ашуун адам чыкты. Алар өлкөнүн желегин, Жогорку лидер Аятолла Али Хаменеинин, Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Аятолла…

Прочитайте больше

Түркия: Жер титирөөнүн кесепеттери президеттик шайлоого таасирин тийгизеби?

Түркия: Жер титирөөнүн кесепеттери президеттик шайлоого таасирин тийгизеби?

Түркияны дүрбөлөңгө салган кыйратуучу жер титирөө түрк экономикасы үчүн эле оор кесепеттерге алып келбей, ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоого таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылууда. 6-февраль таңга жуук Түркияда жана коңшулаш Сирияда акыркы 80 жылдагы эң кыйраткыч жер титирөө болду. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, Түркия аймактагы эле эмес, дүйнөдөгү эң чоң апаатка туш болду. Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20 миң 213дөн ашып, жабыркагандардын саны 80 миң 052 адамга жетип, миңдеген имараттар жер менен жексен…

Прочитайте больше