Бир миллион орустар өз мекенинен эмнеге чыгып кетти?

Бир миллион орустар өз мекенинен эмнеге чыгып кетти?

 Өткөн жылы Борбор Азия өлкөлөрүнө рекорддук сандагы россиялыктар келген. 2022-жылы Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия жана Армения сыяктуу өлкөлөргө акыркы беш жылдан берки рекорддук сандагы орусиялыктар кирген. Бул тууралуу Россиянын Чек ара кызматынын сайтындагы маалыматта айтылат. Аталган өлкөлөргө кирген орусиялыктардын эң көп саны үчүнчү кварталга туура келет. Бул өткөн жылы сентябрда Россияда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу болушу мүмкүн. Анда согуштан качкан көптөгөн орусиялыктар өлкөдөн чыгып кетишкен. Чек ара кызматынын маалыматын анализдеген “Медуза” басылмасы бир жылдын ичинде Монголияга…

Прочитайте больше

Түркияга 54 мамлекет жардам колун сунду. Кыргызстандагы куткаруучуларды жөнөтөт

Түркияга 54 мамлекет жардам колун сунду. Кыргызстандагы куткаруучуларды жөнөтөт

 Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн улам Түркияга атайын куткаруучу топ жиберет. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады. “Түркиянын бир нече аймагында катталган жер титирөө кырсыгынын кесепетин жоюуга жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу тобу жиберилет”, – деп айтылат маалыматта. Адам өмүрүн алган жер титирөөдөн улам Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты. “2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең…

Прочитайте больше

Жапаров Эрдоганга жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Эрдоганга жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

 Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга өлкөдө көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты. «2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында. Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу жер титирөөдөн бери дегенде 284…

Прочитайте больше

Өзөктүк жаңжал болушу мүмкүн: Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды

Өзөктүк жаңжал болушу мүмкүн: Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды

 Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинен 8-февралда Украина боюнча чукул жыйын өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу ушул айда Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылган Мальтанын туруктуу өкүлү Ванесса Фрейзер маалымат жыйында билдирди. Россиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский өзүнүн Telegram-каналында орус тарап бул датага жолугушууну суранганын тастыктады. Полянский баса белгилегендей, жыйын “батыштын курал-жарактары көбөйүп жаткан шартта украин кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салуунун келечегине” арналат. Москва Украинанын Куралдуу күчтөрүнө курал-жарак жана ок-дарыларды берүүнүн натыйжасында Донбасста күн сайын адамдар өлүп жатканын…

Прочитайте больше

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн курман болгондор 1200дөн ашты

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн курман болгондор 1200дөн ашты

 Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондордун саны 1000ден ашты. Айрым эл аралык басылмалар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сөздөрүнө таянып, 912 адам өлгөнүн маалымдады. Улуу Британияда жайгашкан Сирия Адам укуктары обсерваториясынын Сирияда болжол менен 320 адам набыт болгонун кабарлады. Эрдоган ошондой эле Түркияда кеминде 5383 киши жарадар болгонун айтты. Сирияда дагы ондогон адамдар жарадар болгон. Урандылардын астында дагы адамдар бар. АКШнын Геологиялык кызматы 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04:17де, Түркиянын…

Прочитайте больше

Акыркы бир жылда миңдеген адамдын өмүрүн алган ири жер титирөөлөр

Акыркы бир жылда миңдеген адамдын өмүрүн алган ири жер титирөөлөр

 Акыркы учурларда жаратылыш кырсыгынан бир топ өлкөлөр жабыркап, ар кандай жоготууларга дуушар болуп жатышат. РИА Новости 2022-2023-жыл аралыганда дүйнөдө катталган эң ири жер титирөөлөрдү тизмектеди. 2023-жыл. Түркия жана Сирия Кечээ, 6-февралда Түркиянын Кахраманмараш провинциясында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 37 чакырым алыстыкта, он чакырым тереңдикте болгон.   Зилзаланын кесепетинен 912 адам каза болуп, дагы 5385 адам ар кандай жаракат алган. Ал эми Сирияда жер титирөөдөн 326 адам каза…

Прочитайте больше