41миңден ашуун адамдын өмүрүн алган апаат. Түркия менен Сириядагы жер титирөө кылымдын катастрофасы деп аталды

41миңден ашуун адамдын өмүрүн алган апаат. Түркия менен Сириядагы жер титирөө кылымдын катастрофасы деп аталды

  Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Түркия менен Сириядагы жер титирөөнү Европадагы акыркы кылымдагы эң күчтүү жер титирөө катары каттады. ДССУнун билдирүүсүндө 41 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган Түркия менен Сириядагы катуу жер титирөө Европадагы азыркы кылымдагы эң коркунучтуу табигый кырсык болуп калганы айтылат. “Кырсыктын масштабын дагы көрөбүз. Анын реалдуу зыяны азыр аныктала элек”, – деди уюмдун Европа боюнча аймактык директору Ханс Клюге. Анын айтымында, зилзаладан Түркияда 31 миңден ашуун, Сирияда 5 миңге жакын адам каза…

Прочитайте больше

Сауд Аравия ШКУга кириши мүмкүн

Сауд Аравия ШКУга кириши мүмкүн

 Сауд Аравия БРИКСке кошулууну жана ШКУнун интеграцияланган бөлүгү болууну каалайт. Бул тууралуу Россиянын Эр-Рияддагы элчиси Сергей Козлов РИА Новостиге берген маегинде билдирди. “Сауд Аравия өзүнүн тышкы саясий багытын диверсификациялоонун алкагында ШКУ жана БРИКС сыяктуу абройлуу эл аралык бирикмелерге кирүүгө кызыкдар”, – деди элчи. Анын айтымында, саудиялыктар бул маселе боюнча тиешелүү ойлорун орус тарап менен байланышта айтышкан. “Эгерде ШКУнун диалогунда өнөктөштүк маселеси активдүү каралып жатса, учурда Сауд Аравиянын БРИКСке мүмкүн болуучу мүчөлүгү концептуалдык жактан каралууда”, – деди Козлов….

Прочитайте больше

Иран президентинин Кытайга болгон сапары. 20кызматташтык келишимине кол коюлду

Иран президентинин Кытайга болгон сапары. 20кызматташтык келишимине кол коюлду

 14-февралда Ирандын президенти Ибрахим Раисинин Кытайга болгон үч күндүк сапары башталды. Бул Иран президентинин акыркы 20 жыл ичиндеги эң жогорку мамлекеттик протоколдук статуска ээ болгон Кытайга жасаган биринчи расмий сапары. Раиси Пекинге Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барды. Акыркы жолу Ирандын мурдагы президенти Хасан Руханинин Кытайга мамлекеттик сапары менен 2014-жылы барган. Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин жооп иретинде Иранга 2016-жылы барган. Андан кийин Рухани менен Си жумушчу сапарлардын алкагында жана эл аралык уюмдардын жыйындарынын алкагында бир нече жолу жолугушкан….

Прочитайте больше

Сириядан кыргызстандык 18аял жана 41 бала алып келинди

Сириядан кыргызстандык 18аял жана 41 бала алып келинди

  Бүгүн, 16-февралда “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аларды КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери коштоп келген. Белгиленгендей, өмүрү жана ден соолугу кооптуу абалда калган, мамлекет тарабынан коргоого укугу бар балдарды сактап калууга багытталган бул иш-чара ушундай масштабдагы экинчи репатриация иш-чарасы болуп саналат. “Балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, алардын бейпил жана коопсуз чөйрөдө жашоого…

Прочитайте больше

ЖККУ: ИМ согушкерлери Борбор Азиянын чекарасына топтолууда

ЖККУ: ИМ согушкерлери Борбор Азиянын чекарасына топтолууда

Ооганстандагы ИМ террордук тобунун согушкерлеринин саны 6,5 миң кишиге жетти. Алардын көбү Тажикстан менен чектешкен аймактарда топтолгон. Мындай маалыматты кечээ, 15-февралда ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Анатолий Сидоров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, согушкерлердин көбү – 4 миңге жакыны Тажикстан менен чек арада топтолгон. “Борбор Азияда негизги коркунуч Ооганстандан, тагыраагы, ал жакта тамыр жайган экстремисттик топтордон, анын ичинде ИМ жана Аль-Каидадан келип жатат”, – деди Сидоров. “Учурда ИМдин ооган бөлүмүнүн саны кыйла көбөйүп, 6,5 миңге жакын согушкерди…

Прочитайте больше