Курмандыктар 800дөн ашты. Садыр Жапаров зилзалага байланыштуу Марокконун Королуна көңүл айтты

Курмандыктар 800дөн ашты. Садыр Жапаров зилзалага байланыштуу Марокконун Королуна көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Марокконун Королу Мухаммед VI бин Аль-Хасанга көңүл айтты. Мароккодо күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун саны 820га жетип, 672 киши жаракат алды. “Ушул жылдын 8-сентябрында болгон жер титирөөдө адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм”, — деп…

Прочитайте больше

Путин Украинадагы согушта Израилдин куралы менен жок кылынат.

Путин Украинадагы согушта Израилдин куралы менен жок кылынат.

Израилдин Болгариядагы элчиси: Путин Украинадагы согушта жок кылынат. Босниялык Klix кабар сайтынын кабарына караганда Израилдин Болгариядагы элчиси Йосси Леви Сафари Израилдин темир куполу менен коргонуу жана ракеталык күчү Украина менен Европаны коргоп жатканын, Израилдин куралдары Европа базарында барган сайын популярдуу болуп жатканын айтты.  Орусиянын Украинага кол салуусунун башында Израил аздыр-көптүр нейтралдуу позицияга ээ болсо да, акыркы бир нече ай ичинде барган сайын Европа менен Украинанын эң чоң колдоочусу жана коргоочусу болуп баратат. Израилдин расмий өкүлдөрү…

Прочитайте больше

АКШ Украинага дагы 600 миллион долларлык аскердик жардам берет

АКШ Украинага дагы 600 миллион долларлык аскердик жардам берет

АКШ Украинага дагы 600 миллион долларлык аскердик жардам берет. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх билдирди. «Бүгүн Коргоо министрлиги Украинанын согуш талаасындагы муктаждыктарын колдоо үчүн аскердик жардам пакетин жарыялайт»,- деди ал брифингде. Анын айтымында, пакетте Украинанын абадан коргонуусун бекемдөө үчүн жабдуулар, артиллериялык ок-дарылар жана башка жабдыктар бар. 6-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага сапары менен барды. Бир катар ЖМКлар АКШ Украинага ар түрдүү багытта жардам көрсөтөрүн, тактап айтканда Украинага 1 миллиард доллар бөлөрүн маалымдашкан….

Прочитайте больше

Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү маселеси каралды

Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү маселеси каралды

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода, айыл чарба, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын калыптанган салттарын сактоонун маанилүүлүгүн жана Ирандын ШКУга толук кандуу мүчөлүгүн алуусун эске алуу менен өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти. Ошондой эле жолугушууда буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруу, атап айтканда, Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү маселеси козголуп,…

Прочитайте больше

БРИКС өлкөлөрүнүн символикалык купюрасы басылып чыгарылды

БРИКС өлкөлөрүнүн символикалык купюрасы басылып чыгарылды

БРИКСтин келечектеги бирдиктүү валютасы боло турган 100 брикс номиналындагы банкнотту Россиянын Түштүк Африкадагы элчиси Илья Рогачев БАЭнин элчиси Махш Саид Аль-Хамелиге тапшырды. Бул тууралуу Ирандын «IRNA» маалымат агенттиги жазды. Бул символикалуу иш-чара Жакынкы Чыгыш мамлекетинин БРИКСке киришине байланыштуу Преторияда (Түштүк Африка) болгон жолугушууда болду. Жаңы банкноттун бир тарабында БРИКСти негиздеген өлкөлөрдүн – Бразилиянын, Россиянын, Индиянын, Кытайдын жана Түштүк Африканын желектери, символдору жана аттары жазылган. Экинчи тарабында бул биримдикке кирүүгө ниеттенип жаткан мамлекеттердин символдору, анын ичинде…

Прочитайте больше

Зеленский АКШнын мамкатчысы Блинкен менен жолугушту

Зеленский АКШнын мамкатчысы Блинкен менен жолугушту

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевге сапары менен келген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолукканын айтты. «Мамлекеттик катчы Блинкен менен сүйлөшүү… Биз америкалык өнөктөштөрүбүздүн сапарларын ар дайым жогору баалайбыз», — деп жазды Зеленский Telegram-каналында. Зеленский ошондой эле жолугушуусунун видеосунун фрагментин да жарыялады. Ал Блинкенге сапары жана колдоосу, бюджеттик тармакка көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле Украина башынан өткөрө турган кыш мезгилин белгиледи. Блинкен өз кезегинде Киевге АКШ президенти Жо Байдендин өтүнүчү менен келгенин айтып,…

Прочитайте больше

Россияда токойду өрттөгөн өзбек мигранттары $61 миң төлөйт

Россияда токойду өрттөгөн өзбек мигранттары $61 миң төлөйт

Россиянын Магадан шаарындагы сот өзбекстандык эки мигрантты «этиятсыздыктан токойго өрт коюуга» күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу жергиликтүү прокуратурадан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл июнь айында эки өзбек мигранты «Старая Веселая» айылындагы короодо от жагып, шамалдан улам ал жакын жердеги токойго өткөн. Өз кезегинде бул Магадан шаарында өзгөчө абал режимин жарыялоого себеп болгон. Өрттөн улам 60 гектар аянт токой өрттөнүп, 1,8 миллион рубль (18 миң доллар) өлчөмүндө зыян келтирилген. Сотто Өзбекстандын эки жараны тең күнөөлөрүн мойундарына…

Прочитайте больше

Путин менен Эрдоган жолугушту. Видео

Путин менен Эрдоган жолугушту. Видео

Россия жана Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдогандын Сочидеги кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү аяктады. Сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулуп, анда эң күтүлгөн темаларынын бири дан келишиминин келечеги болду.https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=514&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2FEurasiabugun%2Fvideos%2F630972408863292%2F&show_text=false&width=560&t=0Жолугушууну ачкан Путин, лидерлер Украина кризисине байланыштуу маселелер да карала турганын айтып, Россия дан келишими боюнча сүйлөшүүлөргө ачык экенин белгиледи. Ал ошондой эле жакынкы аралыкта өлкөлөр энергетикалык кырдаалды туруктуу кылуу үчүн Түркияда газ хабын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталат деген ишенимин билдирди.Өз кезегинде Эрдоган Путин менен «дан келишими» боюнча сүйлөшүүлөр…

Прочитайте больше
1 2 3