Азия оюндары: Ж. Шаршенбеков тажикстандык атаандашын жеңди

Азия оюндары: Ж. Шаршенбеков тажикстандык атаандашын жеңди

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты. Күрөш боюнча мелдештер бүгүн, 4-октябрда башталып, Шаршенбековдун биринчи беттеши 1/8 финалда болуп өттү.Анын алгачкы атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болду. Беттештин биринчи бөлүгүндө тажикстандык балбан 5 упай алып, алдыга чыккан. Бирок экинчи бөлүктө Жоламан Шаршенбеов жалпы 8 упай алууга жетишип, жеңишти сууруп кетти. Эми ал чейрек финалда түштүк кореялык Ханжаэ Чун менен күч сынашат. https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=476&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2F100006729180727%2Fvideos%2F652447006867484%2F&show_text=true&width=476&t=

Прочитайте больше

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы алтын үчүн беттеште казакстандык балбан Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде жеңип алды. Айпери Медет кызы 76 кг салмак даражасында беттешип, 2 беттеш өткөрдү. 1/8 финалда спортчу кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда въетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда тайбейлик атаандашын 8:0 эсебинде жеңген. Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Нурзат Нуртаева күмүш медаль, Айсулуу Тыныбекова…

Прочитайте больше

Жалкоолордун таймашы. Черногорияда эң жалкоо киши аныкталды

Жалкоолордун таймашы. Черногорияда эң жалкоо киши аныкталды

Черногорияда эң жалкоо адамды аныктаган мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды. Катышуучулар дээрлик 50 күн бою эч нерсе кылбай, бир орунда жатышты, деп жазат сербиялык Telegraf басылмасы. Ага Черногория, Россия, Сербия жана Украинадан 21 адам катышты. Акыркы күндөрү таймаштын финалына эки гана талапкерлер: черногориялык 23 жаштагы Лидия Маркович аттуу жаш кыз менен Филипп Кнежевич аттуу жаш жигит калган. Алар достук жеңгенин көрсөткүлөрү келген, бирок Филип кийинчерээк жеңишти атаандашына берген. Лидиянын айтымында, ал…

Прочитайте больше

Сирияда аскердик колледжге дрондон чабуул жасалып, 80 киши мерт болду

Сирияда аскердик колледжге дрондон чабуул жасалып, 80 киши мерт болду

Сириянын батышындагы Хомс шаарында аскердик колледжге учкучсуз учуучу аппараттын жардамы менен жасалган чабуулдан кеминде 80 киши каза болуп, 240 адам жаракат алды. Бул тууралуу араб республикачынын Саламаттыкты сактоо министри Хасан ал-Габбаш билдирди. «Хомс шаарындагы аскердик колледжге жасалган террордук чабуулда алдын ала маалыматтар боюнча, 80 киши каза болуп, 240 адам жараат алды, алардын арасында аялдар жана балдар бар», — деген министрдин сөзүн Саламаттыкты сактоо министрлиги келтирди. Сириянын Коргоо министрлиги мина коюлган учкучсуз аппараттар аскердик колледжге курсанттардын…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Иран айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Иран айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда айыл чарба тармагынын аспектери, анын ичинде айыл чарба өндүрүшү, айыл чарба товарларын экспортто жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы техникалык кызматташтык талкууланды. Эки тарап бул жаатта кызматташууну бекемдөөгө жана айыл чарба продукциясын экспорттоону кеңейтүүгө даяр экендигин билдиришти. Министр Жаныбеков өлкөнүн экономикасынын негизги тармагы катары айыл чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Иран менен кызматташуу Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын…

Прочитайте больше

Бийлик криминалды жеңди

Бийлик криминалды жеңди

4-октябрда Бишкектин чок ортосунда, чак түштө “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында жок кылынышы күтүлүп-күтүлбөгөн окуя болду. Себеби коомчулук, карапайым эл, өзгөчө бизнесмендер менен ишкерлер кылмыш дүйнөсүнүн зомбулугунан тажап, жарыла турган абалга келип калган болчу. Ал эми эки жыл мурда келген жаңы бийлик коррупция жана кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жарыялаган. Бул багытта көп иштерди жасап жаткан УКМК тарабынан күн сайын мамлекеттин байлыгын уурдап-тоногон коррупционерлер менен кызмат абалын кыянаттык түрдө пайдаланып пара…

Прочитайте больше

Путин Канттагы авиабазага барат

Путин Канттагы авиабазага барат

Келерки жумада Кыргызстанга Россиянын Президенти Владимир Путин расмий сапар менен келери күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Алдыдагы сапардын алкагында Мамлекет башчысы менен Президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн…

Прочитайте больше

УКМК: Кримавторитет Камчыбек Көлбаев жок кылынды

УКМК: Кримавторитет Камчыбек Көлбаев жок кылынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримавторитет Камчыбек Көлбаев жок кылынды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп, республиканын аймагындагы ар түрдүү кылмышкерлердин таасирин жоюу боюнча чараларды көрүп жатышат. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө. Ошондой эле К.Асанбекке (Камчы Көлбаев) каршы кылмыштуу…

Прочитайте больше

УКМК: Чоң-Алайдагы Алтын-Мазар Тажикстанга берилген жок

УКМК: Чоң-Алайдагы Алтын-Мазар Тажикстанга берилген жок

КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) айрым социалдык тармактарда жана ММКларда кыргыз жеринин тажик тарапка берилип кеткендиги тууралуу видео тасмалардын тарап жатышы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди: Социалдык тармактарда жана ММК айдыңында кызыкдар тараптар мамлекеттик органдардын ишин жаман көрсөтүү максатында кыргыз жери тажик тарапка берилип кеткендиги боюнча атайылап чагымчылдык аракеттер көрүлүүдө. Мындай бузуку маанайдагы адамдардын маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул жагдайга байланыштуу УКМК жарандарды мындай чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ошол эле учурда коомчулукту мамлекеттик органдардын расмий…

Прочитайте больше

Путиндин Кыргызстанга качан келери айтылды

Путиндин Кыргызстанга качан келери айтылды

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Алдыдагы сапардын алкагында мамлекет башчысы менен президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашат. Мындан тышкары, мамлекет башчыларынын Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык…

Прочитайте больше

Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат. КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Бул жылы Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Прочитайте больше

«Kamaan 19». Ирандын куралдуу күчтөрү жаңы учкучсуз аппаратын көрсөттү

«Kamaan 19». Ирандын куралдуу күчтөрү жаңы учкучсуз аппаратын көрсөттү

Ирандын куралдуу күчтөрү «Kamaan 19» деп аталган жаңы учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү. Ал радиоэлектрондук күрөш системасы менен жабдылган жана бардык сыноолордон ийгиликтүү өткөн. Бул тууралуу Ирандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү бригадалык генерал Алиреза Шейх учкучсуз учактардын биргелешкен машыгуусу учурунда  билдиргенин IRNA агенттиги жазды. «Kamaan 19 аппараты биринчи жолу куралдуу күчтөрдүн катарына кошулду. Ал согуштук учууну аткарып, радиолокациялык станциялардан келген сигналдарды басып, радиоэлектрондук согуш операцияларын ийгиликтүү аткарды», — деп билдирген Алиреза Шейх.Белгилей кетсек, Ирандын куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз…

Прочитайте больше