Иран Россиянын БРИКСке төрагалык кылган иш-чараларына активдүү катышууда жана өлкөлөр биримдиктин бирдиктүү валютасын түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу Ирандын Россия Федерациясындагы элчиси Казем Жалали “Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum” форумунун алкагындагы маалымат жыйынында билдирди. Элчи белгилегендей, Иран биримдиктеги жаңы мүчө мамлекет катары БРИКСтин иш-чаралары боюнча абдан масштабдуу иштерди жүргүзүп жатат. «Россия менен Иран биримдиктин алкагында жаңы бирдиктүү валютаны түзүүнүн үстүндө иштеп жатат», – деп белгиледи дипломат. Жалали АКШ долларды чектөөлөрдү жаратуу үчүн колдонуп жатканын, ошондуктан өз…
Прочитайте большеMonth: May 2024
Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согушкан кыргыз жараны кармалды
УКМК тарабынан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун согушкерлеринин бири, 1993-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.У.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган жаран чет өлкөдө иштеп жүргөндө дистанттык түрдө жумушка алынып, андан кийин 2015-жылдын август айында Түркия аркылуу транзит менен Сирияга кеткен. https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fotkurbek.rahmanov%2Fvideos%2F492745279806543%2F%3Fidorvanity%3D687374182048063&show_text=false&width=560&t=0Мосул шаарындагы (Ирак) логистикалык лагерлерде диверсиялык жана күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, ЭТУ тарабынан Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан. Атайын комитет…
Прочитайте большеРФ жана КЭР Афганистан жана чектеш аймактарга АКШ менен НАТОнун аскердик инфраструктурасын кайра жайгаштырууга каршы чыгышты
АКШ жана НАТО Афганистан жана чектеш аймактарга кайрадан аскердик инфраструктурасын жайгаштырууга аракет кылбай, алар бул өлкөдөгү азыркы кыйынчылыктар үчүн негизги жоопкерчиликти алыш керектиги тууралуу Россия жана Кытайдын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынытыгы боюнча биргелешкен билдирүүсүндө айтылды. РФнын президенти Владимир Путин КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин россиялык президенттин Кытайга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык өз ара кызматташтыкты тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Билдирүүгө ылайык, «тараптар Афганистандагы 20 жылдык оккупацияга жооптуу болгон АКШ жана НАТО…
Прочитайте большеТокаев Борбор Азия өлкөлөрүн бири-биринен ажыратуу аракети тууралуу айтты
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ушул жумада Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын кабыл алды. Анда жолугушуу сырткы жана ички чакырыктар менен коркунучтарды алдын алуу боюнча аракеттерди биргелешип жүргүзүүнүн натыйжалуу аянтын түзүү максатын көздөй тургандыгы белгиленди. «Биринчи кезекте сөз эл аралык террочулук жана экстремизм, наркотрафик, курал-жарак соодасы тууралуу жүрүүдө. Биздин өлкөдө БУУнун БА жана Афганистан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Аймактык борборун түзүү актуалдуу деп эсептейбиз», – деди Касым-Жомарт Токаев. Ал аймактын өлкөлөрүн бири-бирине каршы коюуга…
Прочитайте большеРоссия Ооганстанда бир канча завод курууну пландоодо
Россия Ооганстанда жумуш орундарын түзүп, атайын долбоорлорго инвестиция салууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Ооганстандагы “Россия ишкердик борборунун” жетекчиси Рустам Хабибуллин билдирди. «Бул ошол эле заводдор, фабрикалар, айыл чарбасы, анын ичинде Кош-тепа суу каналынын курулушу чоң кызыгууну жаратат. Биздин бир катар ишканалар ушул каналдын жанынан айыл чарба багытындагы жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага берүүнү уюштуруп жатышат», – деди ал. Хабибуллин РИА Новости менен болгон маегинде Россия бул өлкөдөгү гуманитардык иш-чараларга да активдүү катыша баштаганын кошумчалады. 2023-жылы Мусулман патриоттук кайрымдуулук…
Прочитайте большеБишкекте “Палестинанын маданият күнү” кайрымдуулук акциясы өтөт
19-май күнү Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” @alatoo.center ресторанынын чатырында “Палестинанын маданият күнү” кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу “Умма” ислам-журналы маалымдады. Бул интеллектуалдык иш-чарада Палестинанын нукура маданияты менен кенен таанышууга жана кайрымдуулукка салым кошууга мүмкүн болот. Конокторду аталган иш-чарада эмне күтөт: Иш-чара 19-май күнү “Ала-Тоо” рестораны (Түштүк магистраль. Малдыбаева 54) ресторандын артындагы чатырда саат 14:00дө башталып кечки саат 20:00гө чейин уланат. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.
Прочитайте большеПутин менен Си Цзиньпиндин Пекиндеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы
Пекинде Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү аяктап, анын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасашты. Алар Россия Федерациясынын башчысынын кайра шайлангандан кийинки биринчи чет элдик сапарынын алкагында болду. Эки өлкөнүн лидерлери тарыхта 40тан ашык жолу жолугушкан. Мамлекет башчыларынын айтымында, Россия менен Кытайдын мамилеси көптөгөн сыноолордон өттү, бирок ага карабастан өз ара түшүнүшүүнүн болуп көрбөгөндөй деңгээлине жетип, мамлекеттер аралык кызматташуу жаатында үлгү боло алды. Путин менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жасаган билдирүүлөрү: Владимир…
Прочитайте большеПутин биринчи жолу коргоо министрин алмаштыргандыгынын себебин айтты
РФнын мамлекет башчысы жаңы коргоо министрин дайындоону коргонууга кеткен чыгымдын көбөйүп кеткендиги менен байланыштырды. Россиянын президенти Владимир Путин биринчи жолу Андрей Белоусовду Сергей Шойгунун ордуна Коргоо министри кызматына дайындагандыгы боюнча түшүндүрмө берди. Президент Белоусовдун дайындалышын өлкөнүн коргонуусуна чыгымдардын көбөйүп кеткендиги менен байланыштырды. Бул тууралуу Россиянын мамлекет башчысы 15-майда аскер округдарынын командирлери менен жолугушууда айткандыгын Кремлдин пресс-кызматы билдирди. Путин азыр коргонууга кеткен чыгымдар өсүп, ИДПнын 8,7 пайызын түзөрүн белгиледи. «Бул СССРдин учурундагыдай 13 пайыз эмес, бирок өтө чоң сумма. Бул…
Прочитайте большеАкыркы үч жылда Сирия жана Ирактан 517 кыргызстандык кайтарылган
2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан Кыргызстандын 517 жашы жете элек жарандары жана балдары мекенине кайтарылган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Борбор Азияда кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча аймактык эксперттик кеңештин Ташкент шаарында өткөн биринчи жыйынынын алкагында билдирди. “Сирия жана Ирактан келген жарандарыбызды мекенине кайтаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жана Министрлер Кабинети бекиткен иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлүүдө,-деди Жыпариса Рысбекова. Ал Кыргызстанга кайтарылган жарандар реабилитациялык, теологиялык…
Прочитайте большеАфганистан мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн БУУда добуш берүү укугунан ажырады
Афганистан мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн БУУнун Башкы ассамблеясында добуш буруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Afghanistan International маалымат агенттиги БУУдагы Афганистан иштери боюнча атайын өкүл Насир Ахмад Фаикке шилтеме берип билдирди. Фаиктин айтуусу боюнча, афганистандык миссия үч жылдан бери жылына 200 миң доллар өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны төлөгөн эмес. Мурда бул каражат республикалык ТИМден түшүп турган, бирок талибдер БУУ өзүнүн өкүлүн расмий түрдө кабыл алганча андай төлөм жүргүзгүсү келбей тургандыгын «Sputnik Афганистан» билдирди. Мындан мурда Россия БУУнун Башкы ассамблеясына…
Прочитайте большеПутин: Кытайдын украин кризисин жөнгө салуудагы мамилесин оң баалайбыз
Россиянын президенти Владимир Путин Пекинге боло турган сапарынын алдында Кытайдын “Синьхуа” агенттигине маек берди. Орус лидери Москва менен Пекиндин ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүн, эки өлкөнүн маданий байланыштары тууралуу айтып берип, Украина кризисин чечүү боюнча Кытайдын планына баа берди. Маектин тексти Кремлдин сайтына жарыяланды. Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелер жөнүндө Путин президенттик кызматка киришкенден кийин сапарга чыга турган биринчи өлкө Кытайды тандоосуна өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээли себеп болгонун белгиледи. Ал Россия менен Кытай 75…
Прочитайте большеОккупацияга 76 жыл. 15-май – Израиль түзүлгөн күн палестиндер үчүн «кырсык» күнү
15-май – палестиналыктар үчүн маанилүү күн. Бул күндү алар “Накба” же “кырсык” деп аташат. 1948-жылы 14-майда Израиль эгемендүүлүгүн жарыялап, эртеси 15-майда согуш башталып, өлкөдө жашаган 800 миңге палестин өз үйүнөн айдалган. Бул күн палестиналыктар үчүн ондогон жылдар бою уланган бир катар кырсыктардын башталышы болду. «Накба» сөзү палестиналыктардын жана коомдук пикирдин эсине эки өтө жаман эскерүүнү эске салат: биринчиси, 1948-жылы Израилдин түзүлүшү, экинчиси, ошол кездеги 800 миңге жакын палестиналыктын өз мекенинен куулуп чыгарылганы. Накба күнү ошол…
Прочитайте большеХАМАСтын лидери Малайзиянын премьер-министри менен Газадагы акыркы кырдаалды талкуулады
Палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий кеңсесинин башчысы Исмаил Хания бүгүн Дохада Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим жана аны коштогон делегация өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Газадагы акыркы абал, ок атууну жана Палестина калкынын геноцидинин токтотуу чүн көрүлгөн аракеттер, ортомчулардын ок атууну токтотуу сунушуна ХАМАСтын макулдугу, Израилдин Рафахка чабуулу жана башка бир катар маселелер тууралуу сүйлөшүштү. Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим өз өлкөсүнүн Палестина элине колдоосун баса белгилеп, Малайзиянын ХАМАС менен мамилеси ондогон жылдардан бери туруктуу болуп келгенин жана Малайзия бул кыймылды Палестинанын…
Прочитайте большеПутин Коопсуздук кеңешинде постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттер менен мамилени талкуулады
Ал бул теманы тышкы чөйрөдөгү эң артыкчылыктуу багыт деп атады. РФнын президенти Владимир Путин Россиянын жакынкы кошуналар менен мамилесин тышкы чөйрөдөгү артыкчылыктуу тема деп атады. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин кеңешүүчү органынын туруктуу мүчөлөрү менен кадрдык кайра түзүүлөрдөн кийинки жыйынында айткандыгы тууралуу Кремлдин сайтында маалымат берилген. «Азыр биз биз үчүн дайыма тышкы чөйрөдө артыкчылыктуу болуп саналган темада сүйлөшөбүз – бул биздин жакынкы кошуналарыбыз, постсоветтик мейкиндикте калыптанган эгемендүү мамлекеттер менен мамилени түзүү», – деп белгиледи Путин ачылыш сөзүндө….
Прочитайте большеРекорддук чек. Дүйнөдө ички жер которгондордун саны 76 миллионго жетти
Кагылышуулардан жана табигый кырсыктардан улам дүйнө жүзү боюнча ички жер которгон адамдардын саны 2023-жылы 75,9 миллионго жеткен. Бул туурасында Ички жер которууну көзөмөлдөө борборунун (IDMC) сайтында жарыяланган докладда айтылат. «Судандагы, Палестинадагы жана башка өлкөлөрдөгү чыр-чатактар жана зордук-зомбулуктар 2023-жылдын акырына карата дүйнө жүзү боюнча ички жер которгон адамдардын саны 75,9 миллионго жеткирди, бул жаңы рекорд. Алардын 68,3 миллиону кагылышуулардын жана зордук-зомбулуктун натыйжасында үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болсо, 7,7 миллион адам табигый кырсыктардын натыйжасында жер котогон», –…
Прочитайте больше