Орусия Мариуполдо химиялык курал колдонгонбу?

Орусия Мариуполдо химиялык курал колдонгонбу?

Орусия куралдуу күчтөрүн Украинанын чыгышына топтоону улантууда. Киев алар Донбасста катуу чабуулга даярданып жатканын айтып келатат. Ал арада украин президенти Владимир Зеленский каршы тарап Мариуполдо химиялык курал колдонгон болушу мүмкүн деп билдирди. Ал эми Орусия бул мааалыматты четке какты. Мариуполдун мэри Вадим Бойченко Ассошиейтед Пресске билдиргендей, шаардагы 10 миңден ашуун карапайым киши өмүр менен кош айтышты, “көчөлөрдө каршы терши сулаган сөөктөр жатат”. Каза тапкан жай тургундардын саны тууралуу маалыматты көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес. Порт…

Прочитайте больше

Орусиянын рубль менен соодалашуу ниети

Орусиянын рубль менен соодалашуу ниети

Эл аралык санкцияларга кабылган Орусиянын ЕАЭБ ичинде жана союздаштары менен сооданы рубль менен жүгүртүү сунушу ара жолдо турат. Москва рубль зонасын түзүүгө киришип, ЕАЭБ ичинде бажы төлөмдөрү рубль менен бөлүнөт дегенин Казакстан жокко чыгарып, бул азыр Орусия менен Беларуска гана тиешелүү экенин айтты. Орусиянын калган өнөктөштөрү толук макулдук бере элек. Орусиянын экономика министри Максим Решетников жакында ЕАЭБге кирген өлкөлөр бирдиктүү рубль мейкиндигин түзүүгө кирише баштаганын жарыялаган. Бирок расмий Нур-Султан ЕАЭБ алкагында өз ара соода жүгүртүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө…

Прочитайте больше

Бул күндөрдө биз күбө болуп жаткан Имам Махдинин келүү алдындагы абдан маанилүү окуялар

Бул күндөрдө биз күбө болуп жаткан Имам Махдинин келүү алдындагы абдан маанилүү окуялар

  Йемендеги Адилеттин Келечеги үчүн Кыймылдын Башкы катчысы Сайид Хасан Аль-Эмад мындай деди: Имам Махдинин келүү риваяттарынан жана Имамдын планынан кабары жоктор Сауд Аравиясы, Израил, Британия жана Американын Йеменге эмне үчүн кол салып жатканын түшүнүшпөйт. Диний китептерибизге кайтуубуз керек. Тилекке каршы, душмандар бизге караганда диний китептерди, Махдави риваяттарын жана келүүгө болгон белгилерди жана даярдыктарды көбүрөөк окушат. Душман китептерибизди текшерип, даярдыктары даяр болмоюнча Имам Махди келбей турганын түшүндү! Анын киришүүсү эмне? Хорасани желеги, Йемен желеги… Эй ирандыктар,…

Прочитайте больше

Суу кризиси: Кыргызстанда 50 суу сактагыч куруу пландаштырылууда

Суу кризиси: Кыргызстанда 50 суу сактагыч куруу пландаштырылууда

Жакынкы 10-15 жылда Кыргызстанда 50  сезондук  (10 күндүк) сууну жөнгө салуучу бассейндерди (БДР) жана суу сактагычтарды куруу пландаштырылууда.  Бул тууралуу 4-мартта өткөн пресс-турда КР Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, башкармалыктын алдында сууну үнөмдөө жана топтоо жана калктын ага болгон керектөөсүн канааттандыруу боюнча бир катар милдеттер турат. Бул үчүн дээрлик ар бир дарыяга суу топтоо үчүн бассейндер курулат. «Биринчи милдет – фильтрацияны кыскартуу жана суу берүүнүн темпин жогорулатуу, экинчиси – аны талааларга…

Прочитайте больше

Сейед Хасан Насрулла: Украинадагы окуялар үчүн биринчи кезекте АКШ жооптуу

Сейед Хасан Насрулла: Украинадагы окуялар үчүн биринчи кезекте АКШ жооптуу

Ливандагы Хизбуллахтын баш катчысы Сейед Аббас аль-Мусавинин Бейрутта шейит болушунун 30 жылдыгына байланыштуу сөз сүйлөп, Орусия менен Украинанын ортосундагы азыркы кризисти талдап жатып, жаңжал үчүн АКШны күнөөлөп, бул бул глобалдык окуянын ар бир көз ирмеминен сабак алуу керектигин айтты. Fars News агенттигинин Эл аралык кызматынын маалыматына ылайык, Ливандагы Хезболланын баш катчысы Сейед Хасан Насрулла “Сейид Аббас Аль-Мусави” шейит болушунун 30 жылдыгына байланыштуу конференциянын ачылышында «Биздин шейиттер; «Ой жана турмуш» аталган лекция менен Бейрутта чыгып сүйлөдү….

Прочитайте больше

К. Осмоналиев: «Эмомали Рахмон айласы кетип, элин алаксытуу үчүн кыргыздарды душман көрсөткүсү келип жатат»

К. Осмоналиев: «Эмомали Рахмон айласы кетип, элин алаксытуу үчүн кыргыздарды душман көрсөткүсү келип жатат»

Тажикстандын армиясы 2021-жылдын апрель айындагы согуштук агрессиясынын жарааты айыга электе, быйыл  27-январдын кечинде кайрадан кол салып, алгач Төрт-Көчө жолун бир тараптуу жаап, андан соң армиясы кыргыз жарандарын аткылай баштады. Кошуна мамлекет эмне үчүн ортодо кол коюлган баардык келишимдерди бузуп, кайрадан кол салып жатат? Биз ушул жана башка суроолордун тегерегинде ЖКнын экс-депутаты, профессор, саясатчы Каныбек Осмоналиевге бир нече суроолор менен кайрылдык. Ташиев: Ворухка жол курууга уруксат берүү маселеси жакында каралат – Каныбек агай, 27-январдын кечинде, караңгы кирип калган…

Прочитайте больше

Эксперт: «Рахмон бийлигин бекемдеш үчүн чек араны чечпейт»

Эксперт: «Рахмон бийлигин бекемдеш үчүн чек араны чечпейт»

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал жөнөкөй кагылышуудан алда канча кооптуу экенин көргөзөт. Мындай пикирин Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов ортого салды. Талдоочу чырды жөнгө салууда “эң негизги тоскоолдук өз максаттарын көздөгөн Рахмондун режими” деп эсептерин кошумчалады. – Чек арадагы көйгөй бир нече жыл, атүгүл ондогон жылдан бери чечилбей келүүдө. Бирок акыркы жылдары барган сайын курчуп жатат. Былтыр куралдуу жаңжалга чейин жетпедиби. Эки өлкө кырдаалды кантип жөнгө сала алышат? – Менимче, 27-январда кыргыз-тажик чек арасында болгон…

Прочитайте больше

Орусия Украинаны НАТОго киргизбеш үчүн согуш ачабы?

Орусия Украинаны НАТОго киргизбеш үчүн согуш ачабы?

Орусия менен НАТОнун аскердик багыттагы тиреши уланып жатат. Тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, тиреш күчөдү. Негизги маселе Орусиянын аскерлери Украинанын чек арасына жакын жерде машыгууларын өткөрүүсүнөн кийин АКШ баштаган Европадагы өнөктөштөр кол салууга даярданып жатат деген айып коюшту. Бул Киевдин НАТОго кошулуу тууралуу аракетине Орусиянын каршылыгынын реалдуу көрүнүшү катары бааланууда. Эгер Украина аскердик алянска мүчө болсо, НАТОнун аймагы кеңейип, Орусияга кооптонуу жаратат деп, “коопсуздук боюнча кепилдик” талап кылууда. Эмесе сөз башынан болсун. Өткөн жылдын күз айларында…

Прочитайте больше

Дүйнөнүн 63 өлкөсүндө катталган «омикрон» штаммы «дельтадан» канчалык кооптуу?Кыргызстанага даярбы?

Дүйнөнүн 63 өлкөсүндө катталган «омикрон» штаммы «дельтадан» канчалык кооптуу?Кыргызстанага даярбы?

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери коронавирустук инфекциянын жаңы “омикрон” штаммына тынчсыздануусун билдиришүүдө. ДССУ коронавирустун жаңы “омикрон” варианты боюнча техникалык маалыматты жарыялады. Документте жаңы штамм дүйнөнүн 63 өлкөсүндө аныкталганы айтылат. Ошондой эле алдын ала маалыматтарга караганда, омикрон штаммы вакциналардын эффективдүүлүгүн төмөндөтүшү мүмкүн экени айтылат. “Бүгүнкү күндө омикрон тууралуу чектелген гана маалыматтар бар жана ага каршы вакциналардын натыйжалуулугун тастыктаган далилдер жок”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. Мындан тышкары, айрым маалыматтарда “омикрон” дүйнөдө жайылуу ылдамдыгы боюнча “дельта”…

Прочитайте больше

Иран-ооган чек арасындагы ок атышуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратпайбы?

Иран-ооган чек арасындагы ок атышуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратпайбы?

1-декабрда Иран менен Ооганстандын чек арасында ирандык чек арачылар менен “Талибан” согушкерлеринин ортосунда ок атышуу болуп, артиллерияны колдонуу менен олуттуу кагылышууга чейин жетип, салгылашуу 2-декабрга караган түнү гана аяктаган. Бул окуя эмнеден кабар берет жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратпайбы? Эки мамлекеттин тең маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, чыр-чатак талиптердин түшүнбөстүгүнөн келип чыккан, алар ирандык дыйкандарды мамлекеттик чек араны кесип өттү деп жаңылыш ойлоп алышкан. Бирок ооган жана ирандык маалымат каражаттарынын чек арада болгон окуяга карата…

Прочитайте больше

Турсунбай Бакир уулу: «Биринчи кезекте биз бардыгыбыз Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек»

Турсунбай Бакир уулу: «Биринчи кезекте биз бардыгыбыз Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек»

КРнын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты жана акыркы шайлоого талапкер болгон Турсунбай Бакиров өзүнүн алдыдагы паландары жана дин менен саясаттын, билим берүүнүн ортосундагы мамилелер тууралуу суроолорубузга жооп берди. – Турсунбай ажы, бир канча жылдан соң жаңы дем менен кайра депутат болууга аттанып жатасыз, алдыга кандай максаттарды койдуңуз, бөлүшө кетсеңиз?–  Ооба, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке аттандым, депутаттар тилекке каршы Жогорку Кеңештин кадыр-баркын буга чейин өтө төмөн түшүрүп коюшту. Ал эми парламент, Жогорку Кеңеш, бул үч бийликтин биринчи…

Прочитайте больше

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу  БШК аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди. Саат 22.00гө карата 2 494 автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) ичинен 2 261 АЭУдан маалыматтар алынды, бул 90,66%ды түзөт. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй болду: шайлоочулардын катталган тизмесиндеги 3 619 292 шайлоочунун 1 265 354 шайлоочусун түздү б.а. жалпы сандын 34,96%ын…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаров: «Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат»

Президент С. Жапаров: «Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат»

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров Баткен облусуна тийиштүү актуалдуу маселелер боюнча Баткен облустук медиа борборунун суроолоруна жооп берди. – Садыр Нургожоевич, саламатсызбы. – Президент С.Жапаров: Саламатчылык. – Уруксаат берсеңиз, Садыр Нургожоевич, алгачкы эле суроом Сиздин акыркы чет өлкөлүк сапарыңзыдын бирине байланыштуу. Тактап айтканда, Түркияга болгон сапарыңызда ал жактын бараандуу ишкерлерин Баткен облусуна келип, ишканаларды ачкыла деп чакырдыңыз. Эмне үчүн Баткенге? – Президент С.Жапаров: Биринчиден, Баткен облусу 30 жылдан бери унутта калган облус болчу. Муну моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, башка…

Прочитайте больше

К.Мурзахалилов: «Ашраф Гани коррупция, жумушсуздук, социалдык маселелерди чечпегендиктен, «Талибанга» бийлигин тарттырып койду…»

К.Мурзахалилов: «Ашраф Гани коррупция, жумушсуздук, социалдык маселелерди чечпегендиктен, «Талибанга» бийлигин тарттырып койду…»

“Талибан” кыймылы (Кыргызстанда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) Афганистанда бийликти толук колго алгандыгын жарыялагандан бери эки айга жакын убакыт өттү. Бирок алардын бийлигин эл аралык коомчулук расмий түрдө тааныбаган менен кыйыр түрдө кызматташып, ар кандай деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Ошол эле учурда Афганистан менен чектешкен Борбор Азия мамлекеттери талибдердин кол салуусунан чочулап, чектеш аймактарда өз ара жана биргелешкен аскердик машыгууларды жүргүзүүдө. Деги эле “Кошуна мамлекеттерге кол салбайбыз”,- деп жарыялаган менен “Талибандын” биздин чөлкөмгө…

Прочитайте больше

Казакстанда бензин баасы Кыргызстанга караганда кыйла арзан. Эмне үчүн?

Казакстанда бензин баасы Кыргызстанга караганда кыйла арзан. Эмне үчүн?

Кыргызстанда АИ-95 бензининин баасы 60 сомго жетип калды. Бул Казакстанга караганда 18 сомго кымбат. Бул тууралуу маалыматты Энергетика жана өнөр жай министрлиги жарыялады. Маалыматка ылайык, Казакстанда АИ-95 бензини 41,9 сомдон сатылууда. Бирок, аталган мекеме ошол эле учурда күйүүчү-майлоочу майдын орточо баасы башка өлкөлөргө караганда төмөн экенин да баса белгилеп, Өзбекстанда АИ-92 65,5 сом, Арменияда 79,1 сом, Орусияда 54,2 сом турарын билдирген. Бензин эмне үчүн Казакстанда бизге салыштырмалуу арзан? Бул суроого “Биринчи радионун” эфиринде Кыргызстандын Нефтетрейдерлер…

Прочитайте больше
1 6 7 8 9 10