Бүгүн, 24-ноябрда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Афганистандагы жаңы кырдаал: «Россия жана Борбор Азия үчүн коркунучтар жана чакырыктар» аттуу конференция өтүп жатат. Аталган иш чара Ж. Баласагын атындагы КМУ, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, «Евразиялыктар – жаңы толкун» Фонду, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн интеграция көйгөйлөрүнө илимий-иликтөө жүргүзгөн «СОНАП-2050” борбору, “Күндеми» мультимедиялык маалымат борбору тарабынан уюштурулду. БУУ: Талибан Ооганстандын 50-70%ын көзөмөлдөйт Конференциянын максаты – Афганистандагы саясый кырдаалдын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Россия жана Борбор Азия өлкөлөрүнө жаралган тобокелчиликтерге, чакырыктарга, коопсуздукка келтирилген…
Прочитайте большеКыргызстан
Шайлоо-2021: Парламентке кайсы партиялар өтүшү мүмкүн?
Туура төрт күндөн кийин – ушул жекшембиде, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Кыргызстандыктар биринчи жолу парламенттин депутаттарын аралаш система менен шайлайт. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бул жолу парламентке өтүүгө 7 партиянын олуттуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай божомол жакында эле кыргызстандыктардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо айтылат. “Евразиялыктар – жаңы толкун” фонду “Парламентке кайсы партиялар өтүшү мүмкүн?”, – деген кеңири масштабдагы социологиялык сурамжылоодо өткөргөн. Анда шайлоо жарышына катышкан партиялардын…
Прочитайте большеЮНЕСКО Кыргызстан тарабынан демилгеленген тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө резолюцияны кабыл алды
ЮНЕСКО Кыргызстандын мөңгүлөрдү сактоо боюнча сунушун колдоду. 2021-жылдын 23-ноябрында Париж шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттер бир добуштан Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Президент Садыр Жапаров тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында айтылган «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү» аталышында резолюцияны колдоп беришти. Белгилей кетсек, резолюциянын башкы максаты тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө. Туруктуу өнүгүү жана реализациялоо Күн тартиби – 2030дун…
Прочитайте больше«Центерра» Кумтөр кенине байланыштуу билдирүү таратты
Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “Кумтөр” кенине байланыштуу айткандары боюнча билдирүү таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү уланта берери жазылган. “Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, “Кумтөр” мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компаниясы болуп саналат жана биз “Кумтөр” кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди жасоону улантабыз. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе…
Прочитайте большеЖапаров Мишустинге Кыргызстан “жакыр” өлкө синдромунан баш тартып жатканын айтты
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактагы, анын ичинде салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. “Биз “жакыр” өлкө синдромунан баш тартуудабыз жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулабыз. Биз үчүн Орусиянын салык жана бажы…
Прочитайте большеПрезидент С. Жапаров: «Жүрөгүмдүн 99 пайызын Баткен ээлеп турат»
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров Баткен облусуна тийиштүү актуалдуу маселелер боюнча Баткен облустук медиа борборунун суроолоруна жооп берди. – Садыр Нургожоевич, саламатсызбы. – Президент С.Жапаров: Саламатчылык. – Уруксаат берсеңиз, Садыр Нургожоевич, алгачкы эле суроом Сиздин акыркы чет өлкөлүк сапарыңзыдын бирине байланыштуу. Тактап айтканда, Түркияга болгон сапарыңызда ал жактын бараандуу ишкерлерин Баткен облусуна келип, ишканаларды ачкыла деп чакырдыңыз. Эмне үчүн Баткенге? – Президент С.Жапаров: Биринчиден, Баткен облусу 30 жылдан бери унутта калган облус болчу. Муну моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, башка…
Прочитайте большеТажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатуу боюнча чечим кабыл ала элек
Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоо боюнча чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу Sputnik Тажикстанга “Барки Точик” энергетикалык холдингинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нозиржон Йодгори билдирди. «Эч кандай келишимге кол коюлган эмес, анткени Тажикстан азыр кышкысын электр энергиясын сата албайт, анын ордуна ички керектөөнү камсыздайт»,-деди ал. Аталган сайт жазгандай, 1-октябрдан тарта энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан Тажикстандан суткасына 1 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып ала баштаганын билдирген. Бирок Тажикстандын Энергетика министрлиги Бекмурзаевдин сөзүн четке каккан. “2-октябрда Кыргызстандын…
Прочитайте большеКөпчүлүгү жаш балдар. Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандар үч эсе көбөйдү
Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруканага кайрылгандар үч эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазды. Министрликтин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында курч респиратордук инфекциялар менен катталгандардын саны өскөн. Август айында 11,9 миң учур болсо, октябрь айында 31,3 миң учурга көбөйгөн. Бул 100 миң калктын ичинен 476сы ооруду дегенди билдирет. Өткөн октябрь айында, курч респиратордук инфекциялары менен катталган оорулардын учурларынын эң көбү Бишкек шаарына (ооругандардын жалпы…
Прочитайте большеCOVID-19: Кыргызстанда өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар эмделе баштайт
Кыргызстанда 16-18 жаштагы өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар да COVID-19га каршы эмделе баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. 15-ноябрга карата коронавирус боюнча маалыматка караганда, Бишкек шаары «кызыл зонадан» «сары зонага» өтүп, өлкөнүн калган бардык облустары «жашыл зонага» кирди. Министрлик эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртууга оң таасир этип жатканын билдирди. Акыркы 24 сааттын ичинде жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 77 жаңы учуру катталды. 16-ноябрга карата коронавируска…
Прочитайте большеCOVID-19: жаңы 103 учур катталып, үч бейтап каза болду
Акыркы суткада коронавирус дагы 103 адамдан табылды. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб билдирди. Бишкек шаарында – 47; Чүй облусунда – 35; Талас облусунда – 3; Нарын облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда – 7; Жалал-Абад облусунда – 6; Баткен облусунда – 2 адамдан коронавирус катталды. Акыркы суткада эмдөөдөн өтпөгөн 3 бейтап каза болуп, Жалпы курмандыктардын саны 2710го жетти. Илдеттен сакайып чыккандар 97 адам. Учурда стационарларда 531 бейтап, амбулатордук түрдө 752 адам дарыланууда. Белгилей кетсек, өлкөдө…
Прочитайте большеАкыйкатчы дайынсыз болуп жаткан Лейлектинэки тургуну боюнча Тажикстанга кайрылуу жасады
Кыргызстандын акыйкатчысы тажикстандык кесиптешине кайрылып, кыргызстандык жарандардын укугун коргоону өтүнүп, кат жөнөттү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппараты Тажикстандын Акыйкатчысы Умед Бобозодго 11-ноябрда расмий кат жөнөткөн. Анда быйыл сентябрь айында Тажикстандын күч кызматкерлери тарабынан кармалган Лейлек районунун тургундары Саидахмед Артиков жана Нооман Самадовдун укуктарынын бузулуп жатканын айтып, буга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Саидахмед Артиковдун жубайы Наргиза Артикова күйөөсү жана күйөө баласы – Нооман Самадов үйлөрүнө келе электигин, алардан эч кандай кабар ала албай жатышканын, бирок алар Хужантта тергөө абагында…
Прочитайте большеИран менен Кыргызстан эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты
Индияда өткөн Ооганстан боюнча Дели Аймактык коопсуздук диалогунун алкагында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Шамхани Иран өз мүмкүнчүлүктөрүн аймактын өнүгүшү жана өсүшү үчүн колдоно аларын жана колдонууну кааларын билдирди. Ал Тегеран Бишкек менен эл аралык, аймактык жана эки тараптуу багытта кызматташа аларын айтып, Иран көптөгөн илимий, техникалык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин жана Кыргызстан менен бул тармактарда кызматташа аларын баса белгиледи. Мындан…
Прочитайте большеЖалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды
Кечээ, 10-ноябрда саат 23:41де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдиргенин ӨКМнын маалымат кызматы жазды. Жер титирөө Токтогул районунун Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон, Толук айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Прочитайте большеКыргызстанга «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы келет
Эртең, 12-ноябрда Бишкекке коронавирус инфекциясына каршы россиялык «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы келет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматта Россия өкмөтүнүн чечими менен Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүдө акысыз жардам көрсөтүүнүн алкагында 1,2 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөнү айтылат. Республикалык штабдын маалыматы боюнча Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 12 миң 924 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 5 миң 325 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 599 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө…
Прочитайте большеБишкек кайрадан абасы эң булганыч шаарларлардын тобунда
Бишкек кайрадан абасы аябай булганган шаарлардын катарына кирди. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышты. Дем алган абанын начардыгы боюнча тизмеде Индиянын Дели жана Калькутта шаарлары, ошондой эле Пакистандын Лахорунда шаарынан кийин эле Кыргызстандын борбору Бишкек шаары тизменин төртүнчү сабын ээлеп турат. Сенсорлор абанын эң начар булганышы таштанды полигондун аймагында экенин көрсөткөн. Ал жакта көрсөткүч нормадан 10 эсе ашып кеткен.
Прочитайте больше