COVID-19: Кыргызстанда өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар эмделе баштайт

Кыргызстанда 16-18 жаштагы өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар да COVID-19га каршы эмделе баштайт.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

15-ноябрга карата коронавирус боюнча маалыматка караганда, Бишкек шаары «кызыл зонадан» «сары зонага» өтүп, өлкөнүн калган бардык облустары «жашыл зонага» кирди.

Министрлик эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртууга оң таасир этип жатканын билдирди.

Акыркы 24 сааттын ичинде жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 77 жаңы учуру катталды.

16-ноябрга карата коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен калктын 46%ы, экинчи дозасы менен 37%ы эмделди.
Ал эми акыркы бир сутканын ичинде 12814 адам өттү, анын ичинен 5998 биринчи дозаны, 6816 адам экинчи дозаны алган.

Комментарий жиберүү