Кыргызстанга «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы келет

Эртең, 12-ноябрда Бишкекке коронавирус инфекциясына каршы россиялык «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы келет.

Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта Россия өкмөтүнүн чечими менен Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүдө акысыз жардам көрсөтүүнүн алкагында 1,2 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөнү айтылат.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 12 миң 924 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 5 миң 325 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 599 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 22 миң 280 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 798 миң 492 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө Sinopharm, Спутник-V, Pfizer/BioNTech,  AstraZeneca жана QazVac вакциналары менен жүрүүдө.

Комментарий жиберүү