Акыйкатчы дайынсыз болуп жаткан Лейлектинэки тургуну боюнча Тажикстанга кайрылуу жасады

Кыргызстандын акыйкатчысы тажикстандык кесиптешине кайрылып, кыргызстандык жарандардын укугун коргоону өтүнүп, кат жөнөттү.

Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппараты Тажикстандын Акыйкатчысы Умед Бобозодго 11-ноябрда расмий кат жөнөткөн.

Анда быйыл сентябрь айында Тажикстандын күч кызматкерлери тарабынан кармалган Лейлек районунун тургундары Саидахмед Артиков жана Нооман Самадовдун укуктарынын бузулуп жатканын айтып, буга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Саидахмед Артиковдун жубайы Наргиза Артикова күйөөсү жана күйөө баласы – Нооман Самадов үйлөрүнө келе электигин, алардан эч кандай кабар ала албай жатышканын, бирок алар Хужантта тергөө абагында экени, кыйноого алынып жатканы тууралуу маалымат угушканын айткан.

Аталган институт кайрылуусунда тажикстандык кесиптештеринен Кыргызстандын жарандарынын укуктарынын бузулушуна жол бербөө боюнча чараларды көрүүнү суранары жана ошондой эле тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу кыргыз тараптка билдирүү жөнөтүүнү өтүнөрү жазылган.

Мындан тышкары, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын бул жарандарына ар тараптуу юридикалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен дагы бир расмий кат жөнөтүлгөн.

Комментарий жиберүү