Жапаров Мишустинге Кыргызстан “жакыр” өлкө синдромунан баш тартып жатканын айтты

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактагы, анын ичинде салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

“Биз “жакыр” өлкө синдромунан баш тартуудабыз жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулабыз. Биз үчүн Орусиянын салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруудагы тажрыйбасы абдан маанилүү. Жакын арада бюджеттин киреше бөлүгүн салык жана бажы башкаруу тутумун толук санариптештирүү жолу аркылуу жогорулатууну көздөп жатабыз”, – деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, жолугушуунун алкагында гуманитардык тармактагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленип, Кыргызстанда 2019-жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан “Чет жердеги Орусиялык мугалим” долбоору жана өлкөдө 2022-жылдан тарта 9 жалпы билим берүүчү уюмдардын курулушу боюнча маселе талкууланды.

Мындан тышкары, Мишустин Орусия анын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына алдыдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүсү үчүн шайлоо участокторун уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди, ошондой эле кыргыз тарапка Бишкек, Ош шаарлары жана Ысык-Көл облусу менен аба катнашынын кайра жанданышы тууралуу маалымат берди.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы биргелешкен ишти жана Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүү маселесин талкуулашты.

Комментарий жиберүү