Көпчүлүгү жаш балдар. Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандар үч эсе көбөйдү

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруканага кайрылгандар үч эсеге көбөйдү.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазды.

Министрликтин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында курч респиратордук инфекциялар менен катталгандардын саны өскөн. Август айында 11,9 миң учур болсо, октябрь айында 31,3 миң учурга көбөйгөн. Бул 100 миң калктын ичинен 476сы ооруду дегенди билдирет.

Өткөн октябрь айында, курч респиратордук инфекциялары менен катталган оорулардын учурларынын эң көбү Бишкек шаарына (ооругандардын жалпы санынын 41%дан ашыгы), андан кийин Чүй облусуна (25%ке жакыны) жана Ысык-Көл облусуна (13%дан ашыгы) туура келди.

Статистикага ылайык, мындай ооруларга көбүнчө 14 жашка чейинки балдар кабылууда. Алардын саны 19 382ни же ооругандардын 62 пайызын түзөт. Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы 39 баладан пневмония аныкталганын билдирди.

Комментарий жиберүү