COVID-19: жаңы 103 учур катталып, үч бейтап каза болду

Акыркы суткада коронавирус дагы 103 адамдан табылды.

Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб билдирди.

Бишкек шаарында – 47;

Чүй облусунда – 35;

Талас облусунда – 3;

Нарын облусунда – 2;

Ысык-Көл облусунда – 7;

Жалал-Абад облусунда – 6;

Баткен облусунда – 2 адамдан коронавирус катталды.

Акыркы суткада эмдөөдөн өтпөгөн 3 бейтап каза болуп, Жалпы курмандыктардын саны 2710го жетти.

Илдеттен сакайып чыккандар 97 адам. Учурда стационарларда 531 бейтап, амбулатордук түрдө 752 адам дарыланууда.

Белгилей кетсек, өлкөдө акыркы сутка ичинде COVID-19 инфекциясына каршы 11 миң 322 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 5207 биринчи дозаны, 6115 адам экинчи дозаны алышты.

Жалпы эмдөөдөн өткөндөр:
1 доза – 1 043 888;
2 доза- 823 787.

Комментарий жиберүү