Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатуу боюнча чечим кабыл ала элек

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоо боюнча чечим кабыл ала элек.

Бул тууралуу Sputnik Тажикстанга “Барки Точик” энергетикалык холдингинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нозиржон Йодгори билдирди.

«Эч кандай келишимге кол коюлган эмес, анткени Тажикстан азыр кышкысын электр энергиясын сата албайт, анын ордуна ички керектөөнү камсыздайт»,-деди ал.

Аталган сайт жазгандай, 1-октябрдан тарта энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан Тажикстандан суткасына 1 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып ала баштаганын билдирген. Бирок Тажикстандын Энергетика министрлиги Бекмурзаевдин сөзүн четке каккан.

“2-октябрда Кыргызстандын делегациясы Дүйшөмбүгө октябрь айынан тарта электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу менен барган, бирок чечим кабыл алынган эмес”,-деп белгиленет.

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон таңкыстык күчөдү. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 6 миллиард кВт/саатты түзөт. Аны толтуруу үчүн Кыргызстан быйыл дээрлик бардык кошуналарынан электр энергиясын ала турганын жарыялаган.

Суу башы болгон Кыргызстанда электр энергиясына болгон кризис көп жылдан бери чечилбей келет. Быйыл биздин өлкө Казакстандан 900 млн., Өзбекстандан 750 млн, Түркмөнстандан 501 млн., Орусиядан 2 млрд. кВт/сааттан ашык электр энергиясын ала турган болуп атат. Ал эми азыр Тажикстандан күнүнө 1 млн. кВт саат электр энергиясын алынып жатканын кабарлаган болчу.

Комментарий жиберүү