Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды

Кечээ, 10-ноябрда саат 23:41де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Сейсмология институту билдиргенин ӨКМнын маалымат кызматы жазды.

Жер титирөө Токтогул районунун Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон, Толук айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана  кыйроолор катталган жок.

Комментарий жиберүү