Көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн кабыл алган токтомуна ылайык, кара алтындын баасын үч ай бою көзөмөлдө турат. Ал эми монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баа боюнча, Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасы 4 500 сомдон кымбат сатылбашы керек. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басылмала жазышты. Агенттик көмүрдү койгон баадан кымбат саткандарга алгач эскертүү берилерин айтып, эгер аны аткарбаса жеке тараптарга 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын билдирет. Бишкек шаарында көмүргө бекитилген баа:…
Прочитайте большеКыргызстан
Бишкекте “Европа Биримдиги – Борбор Азия” биринчи экономикалык форуму өтүп жатат
Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында премьер-министрлердин деңгээлинде “Европа Биримдиги – Борбор Азия” биринчи экономикалык форуму өтүп жатат. Форум экономикалык кызматташтыктын экономикалык маселелери боюнча пикир алмашууга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана келечекти белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет. Аталган форумдун негизги темасы COVID-19дан кийин экономиканы кайра калыбына келтирүү, ошондой эле бизнес-чөйрөсүндөгү маселелер жана санариптештирүү болмокчу. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын вице-премьер-министри Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын вице-премьер-министри Усмонали Усмонов катышууда….
Прочитайте большеКытай Кыргызстанга 1200 тоннадан ашык азык-түлүктү жардам катарыберди
Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майын берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Жардам 5-октябрдан 25-октябрга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна өткөрүлүп берилди. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Кытайдан келген жардам материалдык резервдер корунда сакталып турат. Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2%…
Прочитайте большеТоктогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 12 млрд. куб метрден төмөн түшүп кетти
3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 11,898 млрд. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААК маалымдады. Маалыматка ылайык, суу бир ай ичинде 408,22 миллион метр кубга азайган. 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу – 2,8 млрд. куб метр айырмачылык бар. Былтыр бул күнү суу сактагычта 14,7 миллиард метр куб суу болгон. Бүгүнкү күндө суу сактагычта суунун чыгымы секундасына 458 метр кубду, агып кириши секундуна 198 метр кубду түзүүдө. Быйыл суунун аздыгынан Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды….
Прочитайте большеМектеп: кийинки жумадан баштап каникул
Өлкөдө мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 8-ноябрда башталат. Ал эми 15-ноябрдан кайрадан окуу улантылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Быйыл Кыргызстанда билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталган. Бул – коронавирустук пандемияга байланыштуу массалык эмдөө ишине байланыштуу болгон. Мындан улам окутуу тартиби 5 күндүк мектептерде 6 күнгө созулган. Былтыр мартта өлкөдө COVID-19 вирусу алгач аныкталганда бардык билим берүү мекемелери аралыктан окууга өтүп, дээрлик бир жарым жыл толук ачылбай турду. Өлкөдө…
Прочитайте большеКыргызстан Орусиядан тик учак жана учкучсуз аппараттарды алат
Кыргызстан Орусиянын “Рособоронэкспорт” ишканасынан Ми-17В-5 тик учагын жана Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн “Орлан-10Э” деп аталган учкучсуз аппараттын көп функционалдуу комплекстерин сатып алат. Бул боюнча келишимге 29-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резинециясында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен “Рособоронэкспорт” акционердик коомунун жетекчиси Александр Михеевдин жолугушуусунда кол коюлганын аталган комитеттин маалымат кызматы кабарлады. Эки тарап Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, Ми-8 МТВ тик учактарын оңдоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды түзөтүү боюнча да макулдашылган. Бегилей кетсек,…
Прочитайте большеС. Жапаров Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына келди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-октябрда, Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландия Глазго шаарына иш сапары менен келди. Мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны траптан Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия Өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды. Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт. Ошондой эле, Президент Садыр Жапаровдун чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын…
Прочитайте большеСадыр Жапаров ноябрда Эрдоган менен жолугушууга ниеттенүүдө
Президент Садыр Жапаров ноябрда Стамбулда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-саммитине катышат. Сапардын алкагында ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон менен жолугушары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 29-октябрда Жапаров Түркиянын Соода биржалар жана палаталар бирлигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык маселелери жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Сүйлөшүү учурунда Жапаров Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын айтты. Садыр Жапаров 2021-жылы июнда Түркияга расмий сапар менен барып, Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан. Анда…
Прочитайте большеКыргызстан 93-орунда, Тажикстан 99-орунда: Дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтинги
Эл аралык “Global Firepower” компаниясы жыл сайын дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардын рейтингин жарыялап турат. Баалоодо дээрлик 50 көрсөткүч: анын ичинде аскер күчтөрүнүн саны, техникалык камсыздоо, каржылоо жана жоокерлердин мобилдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү сыяктуу критерийлер эске алынган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан эң жакшы натыйжаларга жетише алды: республика рейтингде 51-орунга чыкты. Казакстан 61, Түркмөнстан 86 жана Кыргызстан 93-орунда жайгашкан. Ал эми Тажикстандын армиясы 99-сапка илинген. Ошол эле учурда “Global Firepower” тизмесине Ооганстан да кирген. Республика 75-орунда турат. Рейтингде…
Прочитайте большеКыргызстан менен Иран темир жол коридорун ачууну талкуулашты
Кечээ, 27-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразини кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө иран элчиси министр Казакбаевге Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахияндын атынан Иранга иш-сапары менен келип кетүүгө расмий чакыруусун тапшырды. “Тараптар кыргыз-иран эки тараптуу мамилелеринин абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде Бишкек шаарында ирандык Соода үйүнүн ачылышы, Бендер-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу…
Прочитайте большеКыргызстан чакан ГЭСтерди салууну көбөйтпөсө, абал оорлой берет
Азыр Ош шаарынын четиндеги Озгур айылында 1 мВт.тык чакан ГЭС курулуп жатат. Аны бир айга жакын аралыкта пайдаланууга берүү күтүлүүдө. Бул болжол менен 400 үй-бүлөнү жарык менен камсыз кыла алат дейт чакан ГЭСти куруп жаткан “Ак Буура Групп” ишканасынын жетекчиси Дүйшөн Муратов. Аталган компания мындан сырткары, дагы 3 долбоорду баштаганы турат. Алар Баткен облусунун Исфайрам суусуна кубаттуулугу 12 жана 16 мВт түзгөн эки чакан ГЭС жана алыскы Зардалы айылына 29 мегаватты түзгөн дагы бир чакан ГЭС…
Прочитайте большеА. Жапаров келерки жылы бюджетти 400 млрд. сомго кайдан толтурарын айтты
27-октябрда Парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кийинки жылы бюджетти кантип 400 млрд. сомго көтөрөрүн түшүндүрүп берди. Жыйынды Парламент 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун биринчи окуудан колдоду. Финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасап, кийинки жылы консолидацияланган бюджет 400,7 миллиард сомго жетерин билдирди. Министрдин баяндамасынан кийин депутат Таабалды Тиллаев мындай чоң планды колдош керек экенин, бирок мындай көп сумманы каяктан аларына кызыгып, Министрлер кабинетинин төрагасына суроо узатты. Министрлер кабинетининин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти толтуруу боюнча планын айтып берди. Анын айтымында, негизги киреше…
Прочитайте большеКыргызстан менен Ирандын учурдагы соода-экономикалык мамилелери өз деңгээлинде эмес
Иран президенти: “Иран менен Кыргызстандын учурдагы соода-экономикалык мамилелери өз деңгээлинде эмес жана эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жакшыртуу керек”. Кечээ, 25-октябрда Ирандын президенти Ибрагим Раиси Кыргызстандын Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыковдон ишеним грамотасын алды. Кыргызстандын дипломаты менен Ирандын башчысынын жолугушуусунда эки тараптуу мамилелер талкууланды. Раиси өз сөзүндө Иран менен Кыргызстандын учурдагы соода-экономикалык мамилелери өз деңгээлинде эмес экенин жана эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жакшыртуу керек экенин айтты. “Эки…
Прочитайте большеБалыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу пландалууда
Кечээ, 25-октябрда Бишкекте “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевдин Кытайдын “Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу” ЖЧКсынын делегация башчысы, “Кытай эл аралык инеженердик тобу” (CОVEС) ЖЧКсынын Борбордук жана Батыш Азия боюча аймактык директору Дзен Линбо менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча инфраструктуралык жана башка долбоорлорду талкуулашты. “Иш сапардын алкагында делегациянын Бишкек – Кайыңды, Бишкек…
Прочитайте больше“Империя пиццы” кафелери массалык ууланууга байланыштуу убактылуу жабылды
Империя пиццы” кафесинин бардык тармактары эпидемиологиялык изилдөө үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдиргенин “Sputnik” агенттиги жазды. Ал массалык уулануу боюнча иликтөө жүргүзүүгө кеминде бир жума убакыт керектелерин айтты. “Биз алынган анализдин баарын лабораторияга жөнөттүк. Жыйынтыгы үч-төрт күндө чыгат деп күтүп жатабыз. Бардык кафелер анализ тапшырат. Уулануунун себебин жана ким күнөөлүү экенин аныктоо үчүн кеминде бир жума убакыт кетет”, – деди Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы. Эске…
Прочитайте больше