“Империя пиццы” кафелери массалык ууланууга байланыштуу убактылуу жабылды

Империя пиццы” кафесинин бардык тармактары эпидемиологиялык изилдөө үчүн убактылуу жабылды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдиргенин “Sputnik” агенттиги жазды.

Ал массалык уулануу боюнча иликтөө жүргүзүүгө кеминде бир жума убакыт керектелерин айтты.

“Биз алынган анализдин баарын лабораторияга жөнөттүк. Жыйынтыгы үч-төрт күндө чыгат деп күтүп жатабыз. Бардык кафелер анализ тапшырат. Уулануунун себебин жана ким күнөөлүү экенин аныктоо үчүн кеминде бир жума убакыт кетет”, – деди Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы.

Эске салсак, 23-24-октябрь күндөрү кафенин тамагына ууланып Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө бейтаптар кайрыла баштаган. Кечээ, жекшемби күнү 12 адам, алардын ичинен үчөө жаш балдар ооруканага түшкөн.

Бүгүн эртең мененки ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 85ке жеткени маалымдалды.   

Маалыматка ылайык, учурда бир бейтап стационардык дарыланууда, абалы туруктуу. Калгандарына алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Комментарий жиберүү