Бишкекте “Европа Биримдиги – Борбор Азия” биринчи экономикалык форуму өтүп жатат

Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында премьер-министрлердин деңгээлинде “Европа Биримдиги – Борбор Азия” биринчи экономикалык форуму өтүп жатат.

Форум экономикалык кызматташтыктын экономикалык маселелери боюнча пикир алмашууга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана келечекти белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Аталган форумдун негизги темасы COVID-19дан кийин экономиканы кайра калыбына келтирүү, ошондой эле бизнес-чөйрөсүндөгү маселелер жана санариптештирүү болмокчу.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын вице-премьер-министри Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын вице-премьер-министри Усмонали Усмонов катышууда. Ошондой эле, Европа Биримдиги тарабынан Европа комиссиясынын экономикалык маселелер боюнча вице-президенти Валдис Домбровский жана Европа өлкөлөрүнүн жана эл аралык финансылык уюмдардын бир катар жетекчилери катышууда.

Ал эми Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен форумдун катышуучуларына видеоконференция аркылуу кайрылды.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында өлкөгө европалык инвестицияны гана эмес, европалык инновациялык технологияларды да тартуу пландалууда.

Комментарий жиберүү